Өздүк майрамы менен коңшу мамлекеттин президентин Сооронбай Жээнбеков куттуктады

Окуялар тизмеги 17 Май 2019 15:43
0 ой-пикир

Бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Сооронбай Жээнбеков Касым-Жомарт Токаевди туулган күнү менен жылуу куттуктап, ага бекем ден соолук жана мамлекеттик ишмердигинде мындан аркы ийгиликтерди каалады.

Мамлекет башчылары ошондой эле эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин жана алдыдагы эл аралык көп тараптуу иш-чараларга катышууну талкуулашты.

Сүйлөшүүнүн соңунда мамлекет башчылары өз ара пайдалуу кызматташтыкты ар тараптуу өнүктүрүүгө, эки бир тууган элдин бакубатчылыгы үчүн эзелтен берки кыргыз-казак достук, ынак кошуналык, союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөөгө чечкиндүүлүктү тастыкташты.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.