«Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун экс-президент Алмазбек Атамбаевге видео кайрылуу жасаганы чоң катачылык болду». Мындай пикирин коомдук активист Эдил Байсалов 15-майда «Азаттык» радиосунун «Ыңгайсыз суроолор» көрсөтүүсүндө айтты:
-Андай кайрылуу менен чыкканы туура эмес. Ал Атамбаевге эле кайрылбай, бүт элге сүйлөп, «Бизге кудай берип жатат, Кара-Сууну кандай жетектесек, эртең эле Кыргызстанды ушундай бийлейбиз»,- деп жатат. Андай колуңуздан келбейт, урматуу Райымбек. Андайга биз уруксат бербейбиз».
Эске слсак,13-майда Райымбек Матраимов интернетте видеокайрылуу жасап, экс-президент Алмазбек Атамбаев аны жөн жерден каралап жатканын билдирген жана Атамбаевге каршы күрөшүүгө алы жетерин айтып, ал тууралуу далилдүү маалыматтар бар экенин да белгилеген.
Соңку кездери Райымбек Матраимовдун байлыгы суроо жаратып, коррупцияга байланыштуу коомчулукта ага сын күчөгөн.
Президент Сооронбай Жээнбеков былтыр жыл аягында Матраимовдун байлыгын текшерүүнү тапшырган. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат бүгүнкү күнгө чейин аягына чыга элек.
Сүрөт интернеттен алынды