Жалал-Абад: Өрттөн 2 адам жабыркап, бирөөсүнүн абалы оор (видео)

Окуялар тизмеги 10 Май 2019 15:28
0 ой-пикир

Сузак районунун 24 жаштагы тургуну денесинин 50% күйүп, облустук клиникалык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө түштү. Анын абалы оор. Экинчи өрт өчүрүүчүнүн бети күйүп калып, ооруканага жеткирилген. Өрт чыккан жерде эки «Тез жардам» жана бир реаномобиль кызматынын автоунаасы күзөттө турат.

Азырынча өрттүн эмнеден улам тутанганы жана жалын чалган аянттын көлөмү аныктала элек.

Жалал-Абад шаарынын Көк-Арт кичи районундагы мунайды кайра иштетүүчү ишкана өрттөнүп жатканы тууралуу кабар 10-май күнү, саат 10:00 чамасында келип түшкөн.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.