ВИДЕО: Жалал-Абаддын тургуну Гүлмира Шакирова: «Баламды кыйноого албай, андан көрө өлтүрүп салгыла!»

Окуялар тизмеги 08 Май 2019 16:28
0 ой-пикир

Жалал-Абад областтык прокуратурасында «Кыйноо» деген беренеге шектелип, Жалал-Абад облустук Ички иштер башкармалыгынын кызматкерлерине иш ачышкан. Кылмыш Бирдиктүү Реестрге киргизилген. Учурда бул ишти Улуттук Коопсуздук Комитети (УКМК) териштирип жатат.

Кылмышка шектелип кармалган Абжал Нурбековду 1-апрельден 2-апрелге караган түнү анын группалашы түнкү саат 3тө эшикке чакырган. Ал эми 3-апрелде Абжал өзүнүн апасына видеотасма жөнөткөн. Анын кармалгандыгынын себеби жанынан 1 килограмм гашиш табылган. Наркотиткалык заттардын жалпы суммасы 100 миң сомду чапчыйт.

Апасына жөнөтүлгөн видеотасмада Абжал аны башкармалыктын кызматкерлери аны сабап, денесине залал келтиргенин даана көрсөткөн. Ушул эле видеодо уулу апасына аны кызматкерлер сабагандыктан, ал күнөөсүн мойнуна алгандыгын айтып, кечирим сураган.

-Апа, мен күнөөлүү эмесмин. Менин кымындай да күнөөм жок. Башыма желим баштык кийгизип, өлтүрөбүз дешкенинен кылбаган нерсени өз мойнума алганга туура келди. Абдан ооруганымдан дааратканага да барууга чамам жок. Алым келбей калды. Апа, мени кечириңиз, бул кызматерлер тарабынан уюштурулду», — деп жазган.

Гулмира Шакирова баласынан WhatsApp аркылуу келген видео боюнча прокуратурага жана укук коргоочуларга кайрылган. «Абжал ошол кармалган күнү үйдө досу менен калган. Эртең менен уулумду бөлмөсүнөн тапкан жокмун. Мага аны эртең менен алып кетишкенин айтышты. телефон аркылуу дагы аны менен сүйлөшкөнгө болбойт экенин билдиришти. Ошондо гана ал мага 100 миң сом кайда тургандыгын айтып, аны милиция кызматкерлерине берүүнү талап кылды. Кийин ал акчалар ИИМ Академиясынын мурунку курсанты, уулумдун группалашыныкы болуп чыкты. Ал уулума акчаларды бекемирээк жерге катып коюуусун өтүнгөн». Шакированын айтымына караганда, оперкызматкерлери ушинтип нан таап жейбиз деп айтышканын, ал эми уулунун группалашы Нурик Жумабаев анын баласын «подстава» кылып, түп-орду менен жок болуп кеткенин кошумчалады. Сабагандардын катарында Бердибеков Максат, Акмырза, Мырзаканов, Акыл, Замир, Сардар деген кызматкерлеринин ысымдары айтылып жатат.

Облустук Улуттук кыйноолорду алдын алуу борборунун жетекчиси Алишер Эргешов да кылмышка шектүү кармалганда бир катар мыйзамдар бузулганын айтат.

«Биз кармалган баланы карап чыктык. Чындыгында анын денесинде бир катар кыйноого кабылган фактылар даана көрүнүп турат. Жалал-Абад шаардык соту аны шаардык тергөөчү жайга кармоого чечим чыгарган. Бирок, ал белгисиз себептерден улам Сузак районундагы жайга барып калган», — дейт Эргешов.

Жактоочу Зотова Нина бул иш боюнча 3 жолу акыйкатчыга, 3 ирет президентке кайрылгандарын айтат. Эч бир тыянак чыкпагандыктан, азыр ишти БУУга жөнөтөрүн билдирет.

Абжал Нурбеков спортсмен, мурда ИИМ Академиясында да билим алган.

 

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.