Мурат Суталинов бүгүн сот залынан бошотуларын өзү күткөн эмес. Суталинов ошондой эле Апрель окуясы үчүн элден кечирим сурады:
-«Кыргыз элиме ыраазычылыгымды билдирем. Мени көп кишилер колдоду. Көп кишилер кечиришти. Рахмат. Эми канча калса, туура жашашым керек. Мен жабыркагандардын энелеринен соттон да кечирим сурагам. Азыр да сурап жатам, моралдык күнөөмдү азыр да сезем. Бирок ошол трагедиялуу окуяны токтотконго күчүм жеткен эмес. Азыр да кечирим сурайм бүткүл кыргыз элимен».
— Бул жактын онкология ооруканасында жакшы дарылап жатышат. Чет жакка кетпейм. Бул жерде эле болом. Бошогондон кийин башка жакка кетип калат деп ойлошот окшойт. Эч жакка барбайм, — деди Суталинов.
Сүрөт, видео интернеттен алынды