«Фейсбук» тиркемеси айрым саясатчылардын жеке барагын өчүрдү

Окуялар тизмеги 03 Май 2019 16:04
0 ой-пикир

Интернеттеги «Фейсбук» тиркемеси АКШдагы бир нече ашкере-оңчул саясий ишмерлердин социалдык түйүндөгү жеке барактарын өчүрдү. Аларга «кооптуу адамдар» категориясы боюнча чектөө коюлганын компания 2-майда билдирди.

«Кара тизмеге» кирген адамдардын арасында көбүнесе конспирация теорияларын жарыялаган сайттын негиздөөчүсү Алекс Жонс, 2018-жылы Конгресс үчүн ат салышкан, ак расанын үстөмдүгүн жактаган Пол Неглен жана жикчил билдирүүлөрү менен таанымал «Исламдын эли» аттуу радикалдуу уюмдун башчысы Луис Фаррахан бар.

«Фейсбуктун» чечимине ылайык, бул ашкере-оңчул саясий ишмерлердин «Инстаграмдагы» аккаунттары да өчүрүлөт.

Алекс Жонс «Infowars» аттуу сайтындагы түз эфир маалында «Фейсбуктун» чечимин кескин айыптады.

Марк Цукерберг жетектеген «Фейсбук» компаниясы соңку жылдары «социалдык түйүндөгү жалган маалыматтарга, кастыкты козуткан билдирүүлөргө каршы натыйжалуу күрөшө албай жатат» деген сынга кабылып келет.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.