Эрнис Алыбаев «шылуундук» фактысы боюнча тергөө абагына киргизилди

Окуялар тизмеги 03 Май 2019 17:10
0 ой-пикир

УКМК билдиргендей, Бишкектеги Мамбет Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борборунун дарыгери Эрнис Алыбаевге байланыштуу “шылуундук” фактысы боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттады.

Атайын кызматтын басма сөз өкүлү Рахмат Сулаймановдун ММКларган берген маалыматтарына караганда, Алыбаев “чет өлкөлүк ишкерлердин ишенимине кирип, алардын маселелерин чечип берүүнү убада кылган жана жеке ишкерлерден ири суммадагы акча алганы менен убадасын аткарган эмес”.

Эрнис Алыбаев азыр УКМКнын тергөө абагында отурат жана иликтөө жүрүп жатат.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.