Уран маселеси Жогорку Кеңеште каралат

Окуялар тизмеги 02 Май 2019 10:14
0 ой-пикир

Бүгүн, 2-майда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында парламент депутаттары Кыргызстан калкынын радиациялык коопсуздугун камсыз кылуу чаралары жана Кызыл-Омпол уран кенинин айланасындагы маселелер жөнүндө өкмөттүн маалыматын угат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Эске салсак, Ысык-Көлдүн Тоң районундагы Кызыл-Омпол кенинде уран чалгындоого каршы нааразылык акциялары бир нече күндөн бери уланып жатат. Белгилей кетчек, 22-апрелде кендин иши убактылуу токтотулган.

25-апрелде эл менен жолугушууда биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов аталган кен боюнча «Кыргызстандагы ЮрАзия» компаниясына берилген лицензия кайтарып алынып, кенди иштетүүгө тыюу салынганын айткан.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.