ИИМ: “Милициянын жаш достору” республикалык масштабдагы кароо-сынагы өттү

Окуялар тизмеги 02 Май 2019 15:45
0 ой-пикир

2019-жылдын 30-апрель күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин Борбордук аппаратында салтка айланып, жыл сайын өткөн “Милициянын жаш достору”  кароо-сынагы өттү. Сынакка республиканын 9 мектебинен келген 90дон ашык окуучу катышты.

Кароо-сынактын максаты жашы жете элек өспүрүмдөр арасында укук бузуулардын алдын алуу, өсүп келе жаткан муунду укуктук жактан тарбиялоо, өспүрүмдөрдүн пайдалуу иш менен алектенүүгө тартуу,  чынчылдыкка, адилеттүүлүккө, принципиалдуулукка, өзүнө жана чөйрөдөгүлөргө талапты кое билүүгө тарбиялоо боюнча милициянын жаш достору отряддарынын ишмердүүлүгүн активдештирүү болуп саналат.  Милициянын жаш досу отряды жашы жете элек өспүрүмдөрдүн  арасында укукту билүүнү үгүттөөгө, жалпы билим берүү мекемелеринде укуктук тартипти көзөмөлдөөгө, мектептерде окугандар ИИОнун Жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын профилактикалык каттоосунда тургандарга, анын ичинде  аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдө жашаган өспүрүмдөргө  жардам көрсөтүү,  себеби жок окуудан калгандар менен иштөө үчүн арналып, түзүлгөн.

Өспүрүмдөрдүн сынакка даярдыгын жана алардын билүү деңгээлин компетенттүү калыстар баалышты. Катышуучулар үчүн биринчи сынак “Саптык кароо” деп аталып, калыстар формаларын, экипировкаларын, саптык басуудагы иреттүү кыймылын, аткарууларын жана командиринин командасын аткаруу чеберчилигине көңүл бурушту.

Экинчи сынак “Үгүттөө бригадасынын сынагы”  деп аталып, жаш достор үй тапшырмалары-үгүттөө жана музыкалык ырларды  ырдашты.

Андан соң, кийинки сынакта Эл аралык укуктарды, Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Укук бузууларды алды алуу жөнүндө Мыйзамды, Жаза кодексин, андан сырткары Кыргыз милициясынын тарыхы боюнча маалыматы бар экенин көрсөтүштү.

Кийинки “Дубал газетелары” сынагында жаш достор ватманда чыгармачылык иштерин көргөзө алышты.

Андан сырткары, аталган иш-чара “Биздин жоокер-ар бир жерде азамат!”- командалардын капитандары өздөрүнүн отряддарынын ишмердүүлүгү жөнүндө айтып беришти. Андан соң, милициянын жаш достору жөнүндө же милиция тууралуу мыкты ырларга кезек жетип, бул сынакта дагы жогорку деңгээлде даярдыктары көрсөтүштү.

Жыйынтыгында Милициянын жаш досунун отряддарынын ишмердүүлүгү жөнүндө видеороликти көрсөтүү сынагы өтүп,  ар бир команда өздөрү даярдагандарын көргөзүштү.

Ар бир сынакта алган баллдарын эсептөө менен, “Милициянын жаш досунун” мыкты отряды” деп Чүй облусунун Д. Шопоков атындагы №9 орто мектептин “Шопоковцы”  милициянын жаш достору отряды аталды. Ал эми экинчи болуп Жалал-Абад облусунун  Ю. Гаргарин атындагы №4 гимназия мектебинин  “Щит и меч”  отряды,  үчүнчү орунду Бишкек шаарынын №73 орто мектебинин “Ар-Намыс” отряды ээлешти.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.