Ооганстандын тышкы иштер министри Кыргызстанга келет

Окуялар тизмеги 18 Апр 2019 11:38
0 ой-пикир

Бүгүн, 18-апрелде Бишкекке расмий сапар менен Ооганстандын тышкы иштер министри Салахуддин Раббани келет.

Өз сапарынын алкагында ооган тышкы саясий мекемесинин башчысы өлкө жетекчилиги менен бир катар жолугушууларды өткөрүп, эки тараптуу кызматташтыктын азыркы абалын жана келечегин, аймактагы абалды талкуулайт.

Бишкекте ооган элчилиги 2002-жылы, ал эми Кабулда кыргыз элчилиги 2014-жылы ачылган.

Кыргызстандын Ооганстандагы элчиси болуп өткөн айда Мирослав Ниязов дайындалган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.