Чүй облусунун Ленинское айылында жол кырсыгы катталып, айдоочусу окуя болгон жерден каза болуп калды. Бул тууралуу маалыматты Чүй ОИИББинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, окуя кечээ, 15-апрель түнү саат 23:30, 24:00 чамасында орун алган. Ленинское айылында шаарды көздөй багыт алып келе жаткан Инфинити үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу катуу ылдамдыкта бара жатып электр мамысын сүзгөн. Кырсыктан улам айдоочу ошол эле жерден каза болгон. Ал 1985-жылы туулган Чүй облусунун тургуну болгон. Унаада башка жүргүнчү болгон эмес. Кырсык Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, териштирүү иштери жүрүүдө.