Жыргалбек Турускулов, «Республика — Ата-Журт» фракциясынын лидери: «Президент олуттуу маселелерге көңүлүн бурду» (видео)

Интервью, Саясат 12 Апр 2019 13:34
0 ой-пикир

Еlgezit.kg басылмасы Жогорку Кеңештин депутаты, «Республика — Ата-Журт» фракциясынын лидери Жыргалбек Турускуловдон Президенттин кечээки Жогорку Кеңештеги Кайрылуусундагы сүйлөгөн сөзү тууралуу пикирин ортого салат.

— Президент мамлекетте болуп жаткан олуттуу маселелерге көңүлүн бурду. Мамлекет башчынын кайрылуусун мен 5 пунктуна токтоло кетсем.

Биринчиси — бул мамлекетте болуп жаткан жана келечекте жасала турган иштерге токтолду. Экинчи маселе — бул Өкмөттүн отчёту тууралуу кабардар экенин жана ал жаман эмес экенин айтты. Үчүнчүсү, тышкы саясатта да иштер жүрүп жатканын, жакында да сүйлөшүүлөр боло турганын белгиледи. «Көп мамилени түздөдүк»деди. Төртүнчүдөн, ички саясат боюнча кеңири токтолду. Ички саясатта, мамлекет башчысы: «Тоскоолдуктар аз эмес. Коррупцияга малынгандардын саботажы, айрым саясий күчтөрдүн каршылыгы болууда», — деп билдирди.

Ал: «Мамлекетти белчесинен карызга батырган уурулукту жашыруу үчүн актанууга өтүштү. Баса белгилеп айтып кетейин, бардыгы мыйзам алдында бирдей. Эч кандай ультиматум тили кабыл алынбайт», -деп айтты.

Ошондой эле, ал «ким көчөгө элди алып чыкса, туура эмес кылат жана мыйзам чегинде жооп берет» деди.

Алдыда 2020-жылы шайлоо болгону турат. Ага катуу даярдыктар болоору күтүлүүдө. Бир жылда эч нерсе өзгөрбөшү керек. Ар бир партия кайсы мыйзам менен иштеп жатканын билиши керек. Ошону менен катар өлкө башчы партиялык системага да токтолду.

Еlgezit.kg редакциясы

Редакция макала үчүн жоопкерчилик албайт, автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.