Бабановдун митинги: Акимиат сотко кайрылды

Окуялар тизмеги 12 Апр 2019 12:02
0 ой-пикир

Биринчи Май райондук сотунда саясатчы Өмүрбек Бабановду колдоо митингин өткөрө турган жерди чектөө боюнча маселе каралат. Бул тууралуу «Республика» партиясынын катчылыгынан билдиришти.

Буга чейин аталган партия Бишкектин эски аянтында 10 миң адамдын катышуусунда митинг өткөрүү үчүн мэрияга кат жолдогон.
Митинг 13-апрелде саат 14.00дөн 20.00гө чейин өтөөрү айтылган. Бабанов өзү Москвадан ушул күнү саат 14.50дө учуп келерин жар салган.

«Конституция боюнча кандайдыр бир акция уюштуруу үчүн жергиликтүү бийликти алдын ала кабардар кылышы керек. Бирок Биринчи Май райондук акимиаты митингди өткөрө турган жайга чектөө киргизүүнү сурап сотко кайрылды. Процесс 12-апрель, саат 9.00гө белгиленген», — деп билдирди катчылык.

Эске салсак, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) маалыматына караганда, саясатчыга эки кылмыш иши козголгон. Анын бири «2017-жылы шайлоонун үгүт өнөктүгүндө эл алдында чыгып сүйлөгөн айрым сөздөрү конституциялык түзүлүшкө каршы келет» деген негизде болсо, экинчиси «бийликти басып алууга даярдык көрүү» деген айып менен ачылган.

УКМК буга чейин саясатчыга козголгон иштердин бири токтоп турса, экинчиси боюнча тергөө жүрүп жатканын кабарлаган.

Ошондой эле атайын кызмат Бабанов Кыргызстанга кайтса, мыйзам боюнча жоопко тартыларын билдирген.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.