Таластын абагында жалгыз калган жаран

Окуялар тизмеги 11 Апр 2019 10:14
0 ой-пикир

Талас Облусундагы № 39- жатак абагынын жетекчиси кызматтан алынды. Бул тууралуу ЖАМКнын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун Талас облусунда өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери №29 жатак абагына барышкан. Алар аталган жерде жаза мөөнөтүн өтөп жаткан З.Е. аттуу кишинин адам жашагыс шартта кармалып турганын аныктаган.
Буга байланыштуу Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызмат кызматтык иликтөө жүргүзгөн. Жыйынтыгында №39 мекеменин жетекчиси Таалай Момбеков кызматтан алынган.
№29 абак жоюлуп кеткендиктен, ал жатак абагы №39 мекемеге караштуу болуп калган.

Учурда ЖАМКтын төрагасынын орун басары Аскат Эгембердиев №39 мекеменин ишин текшерип, Талас облусунда жүргөндүгү кабарланды.

 

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.