Атамбаев: «Менден күнөө кетсе, кечирип койсун» (видео)

Лента событий 07 Апр 2019 00:45
0 ой-пикир

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев алар менен биригүүгө кол сунган адамдарга ыраазычылыгын билдирди:

— «Биригебиз» деген ар бир адамга сүйүнөбүз. Жарандык коомдун өкүлдөрү жазган сөздөрүн окуп ыраазы болуп жатам. Азиза Абдирасуловага рахмат. Менден күнөө кетсе кечирип койсун. Ошондой адамдарга ыраазымын, — деди Атамбаев.

Эске салсак, Алмазбек Атамбаев президент кезинде, 2016-жылы Энелер күнүндө кыргызстандык аялдарды куттуктап жатып, ошол кездеги “Элдик парламент” оппозициялык уюмунун жыйынына катышкан укук коргоочулар Азиза Абдирасулова менен Төлөйкан Исмаилованы “чет элдик грантын актоо менен алектенген бейөкмөтчүлөр” деп сындаган. Укук коргоочулар мамлекет башчынын кечирим суроосун жана ар бирине 10 миллион сомдон компенсация төлөөсүн талап кылышкан болчу. Сот арызды канааттандыруудан баш тарткан эле.

Бүгүн «Форум» имаратында КСДПнын курултайы жабык өттү.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.