Ооганстан: «Талибан» кыймылынын жүздөгөн жоочуларынын кармашы уланууда

Окуялар тизмеги 05 Апр 2019 15:58
0 ой-пикир

Ооганстандын өкмөтүнүн өкүлдөрү «Талибан» кыймылынын жүздөгөн жоочулары Бадгис провинциясынын Бала Мургаб районуна чабуул коюп, кармаш жүрүп жатканын билдиришүүдө.

Район жетекчиси Варис Шерзаддын айтымында, 3-апрелден бери өкмөттүк күчтөрдөн кеминде отуз адам курман болгон.

Бала Мургаб — Ооганстандын түндүгүндөгү Түркмөнстанга чектеш аймак.

Бадгистин провинциялык кеңешинин төрагасы Абдул Азиз Байг талибдер Бала Мургабдагы өкмөттүк имараттарга жакын көзөмөл-өткөрүү бекеттерин ээлеп алышканын 4-апрелде маалымдаган болчу. Ал райондогу Ооган улуттук армиясынын базасы менен полициянын баш кеңсеси гана өкмөттүн колунда турганын кошумчалаган.

Талибдердин өкүлү Кари Юсуф Ахмади алар төрт тараптан чабуул коюп, беш көзөмөл бекетин ээлешкенин билдирди.

Ал эми Ооганстандын Коргоо министрлиги 4-апрелдин кечинде тараткан маалыматта өкмөттүк күчтөр көзөмөл-өткөрүү бекеттеринен «тактикалык чегинишкени» айтылат. Министрлик талибдердин позицияларына «көп ирет абадан чабуул коюлганын» да белгилейт.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.