Зеленскийден биздин куудулдар кем бекен?

Интервью, Саясат 03 Апр 2019 15:38
0 ой-пикир

31-мартта Украинада президенттик шайлоо болуп өттү. Ага 39 талапкер катышты. Ат салышкандардын арасында учурдагы президент Петр Порошенко, ар дайым оппозицияда жүргөн Юлия Тимошенко да катышты. Юлия Тимошенконун дагы бир атаандашы болуп дал ушул шайлоодо анын атына шайкеш келген, бирок эркек талапкер Юрий Тимошенко да өз талапкерлигин койгон. Ошондой эле Украинанын жаңы жаркып келген «жылдызы» десек да болот. Мурда квнчи, шоу-бизнестин өкүлү, куудул «Квартал 95» студиясынын ээси, тамашакөй талапкер Владимир Зеленский да катышканы коомчулукка маалым. Дал ушул куудул экинчи турга өткөнү баарын таң калтырды. Биз да Кыргызстанда ушундай кырдаал жаралып калса, куудулдардын орду саясатта болуп калабы деген өңүттөгү суроолор менен биздин белгилүү куудулдардын оюн ортого салдык.

Баарыбызга белгилүү болгондой, жакын арада Украинада президенттик шайлоонун 1-этабы жыйынтыкталды. Анда куудул Владимир Зеленский алдыга озуп чыкты. Эми алдыда экинчи тур да турат. Бул тууралуу Еlgezit.kg электрондук басылмасы кыргыз куудулдарынын бул тууралуу комментарийлерди алды.

Жамбыл Камчиев, куудул: «Зеленскийди Орусия колдоп жатат»

— Мен да өз талапкерлигимди койгом, бирок 30 миң кол топтоо мен үчүн оңой болгон жок. Мындай кол топтош үчүн коррупционер болуш керек. Андай кадамга баргандардын капчыгы калың болгону жакшы. Бизге окшогон жөнөкөй адамдарга ал жакка жол жабык. Бут тосуулар да абдан көп болот экен. Бирок мен токтоп калган жокмун. Учурда абдан көп нерселерди жасап жатам десем жаңылышпайм. Мектеп окуучуларын күлкү менен окууга тартуу программасынын алкагында чоң иштерди жасап жатабыз. Мында айта кетүүчү нерсе, Кыргыз каганаты жоюлгандан кийин, бизде көп нерсе өзгөрүлгөн. Жада калса мурда биз шумер элдеринин катарына кирет болчубуз. Ошондо эле 1-9 га чейин сандарды дал ушул шумер элдери ойлоп тапкан экен. Ал эми гректер 0 санын ойлоп тапкандары чын, калганын алар шумерлерден көчүрүп алышкан деген божомолдор бар.

Ал эми куудул Владимир Зеленский тууралуу. Менин угушумча, ага Орусия колдоо көрсөтүп жаткан экен. Ошондуктанбы ал азыр алдыңкы сапта. Эми Украинанын эли өтө сабырдуу жана цивилдүү элдерден болушат. Зеленский утушка ээ болсо, бир топ жакшы иштерди жасайт деген ойдомун.

Абдылда Иманкулов, куудул: «Куудулдар айтса, ишендире айтышат»

— Украина менен Кыргызстандын көп жерлери жана жагдайлары окшош. Негизи эле Украинанын эли дагы биздин кыргыз элине окшоп эле саясаттан тажады. Саясат өзү ыпылас нерсе. Буга таңкалычтын деле кереги жок. Мурда эл саясатчыларга ишенчү, азыр тескерисинче.

Демек, эл  жөнөкөй адамдарга ишенээрин ушул нерседен көрсөк болот. Себеби саясатчылар убада кыла беришет, бирок иш жүзүнө келгенде баары аткарылбай калууда. Биз мындай нерселердин баарын тамаша ирээтинде сахнага алып чыгып жатабыз. Биз айтканды эч ким айтпайт, ошол эле учурда куудулдар айтса ишендире айтышат. Бизге эч ким бул нерсени тамашала же тамашага салба деп айтууга да оозу барбайт. Анткени биз элдин жүзүбүз. Элдин мүдөөсүн аткарышыбыз керек. Ошондуктанбы, куудул Владимир Зеленский алдыга озуп чыкканы бардык куудулдар үчүн жакшы нерсе болду десем жаңылышпаймын.

Тынар Курманалиев, куудул: «Саясат ыпылас нерсе»

— Эгерде мен Украинанын жараны болсом, Владимир Зеленскийди да колдойт элем. Бирок өзүм эч качан саясатка аралашпайм. Бул өтө кир, ыпылас нерсе. Саясатка барганда сөзсүз түрдө адамдарды алдоого барасың. Бир кезде эсиңиздерде болсо, Американы артист деле башкарган. Анын ысымы — Рональд Рейган. Президент болгон адамдын парзы элдин каалоосун билип, алардын мүдөө-талабын аткарган адам гана артынан жакшы сөздөрдү жана иштерди калтыра алат, — деп ойлойм.

Пикирлерди топтогон Жазгүл Урмамбетова — атайын Еlgezit.kg үчүн

Редакция макала үчүн жоопкерчилик албайт, автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.