Ташиев менен Бабанов чер жазышып, алдыга план коюшту

Окуялар тизмеги 27 Мар 2019 10:26
0 ой-пикир

«Алдыңа келсе атаңдын кунун кеч» дегендей, азыркы кырдаалда кечиришип биригүү-эл үчүн!

«Республика — Ата Журт» партиясынын лидери Өмүрбек Бабановдун Кыргызстанга кайтып келүүсү боюнча анын жактоочулары маалымат берет. 27-мартта адвокат Амантур Абдрахманов менен өкүлү Ислам Каргабаев Өмүрбек Бабановго козголгон кылмыш ишинин айласындагы кырдаал боюнча журналисттерге түшүндүрмө беришет.

«Республика — Ата Журт» партиясынын төрагасы Өмүрбек Бабанов 2017-жылы президенттик шайлоодон кийин чет өлкөгө чыгып кеткен. Ал Кыргызстанга кайтарын буга чейин бир нече жолу билдирген. Жакында Нооруз майрамынын алдында Бабанов «Фейсбук» аркылуу кыргызстандыктарды куттуктап, «жакында көрүшөбүз» деп айткан. Көп өтпөй санаалаштары Бабановдун жакын арада Бишкекке келерин ачык айтып чыгышты.

Кыргыз бийлиги Өмүрбек Бабановдун өлкөгө кайтышы боюнча позициясын азырынча ачык айта элек. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Бабанов өлкөгө кайтса, мыйзам алдында жооп берерин эскертти.

Белгилей кетсек, Өмүрбек Бабановго эки кылмыш иши козголгон. Анын бири “2017-жылы шайлоонун үгүт өнөктүгүндө эл алдында чыгып сүйлөгөн айрым сөздөрү конституциялык түзүлүшкө каршы келет» деген негизде козголсо, кийин «бийликти басып алууга даярдык көрүү» деген айып менен да иш ачылган.

УКМК буга чейин саясатчыга козголгон иштердин бири токтоп турса, экинчиси боюнча тергөө жүрүп жатканын кабарлаган. Камчыбек Ташиев менен Өмүрбек Бабанов саясий тандем түзүшүп 2015-жылы парламенттик шайлоого «Республика- Ата-Журт» тизмеси боюнча ат салышкан. Ошондо экөө өтө ынакпыз дешип, тоого барып кучакташып сүрөткө түшүшкөн эле. Бирок, шайлоонун акырында Камчыбек Ташиевди “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын штабынын өкүлдөрү менен болгон жаңжал үчүн тизмеден чыгарылган болчу. Ал эми, президенттик шайлоодо Камчыбек Ташиев кучакташкан досун эмес, азыркы президент Сооронбай Жээнбековду ачык колдоп чыккан. Шайлоо бүткөндөн кийин Өмүрбек Бабанов Кыргызстандан чыгып кеткенден кийин  Камчыбек Ташиев менен Өмүрбек Бабановдун кайрадан бирге кучакташып түшкөн сүрөттөрү социалдык тармакка тарады. Эки саясатчы жөн жерден кучакташпайт. Алдыда боло турган парламенттик шайлоого даярданып, экөө дагы бир кадам жасайли деген ниетте окшойт сыягы…

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.