Табылды Акеров, саясий серепчи: «Бабанов Кыргызстанга келбейт»

Окуялар тизмеги 27 Мар 2019 17:32
0 ой-пикир

Белгилүү саясий серепчи Табылды Акеров өзүнүн Фейсбуктагы жеке баракчасына Өмүрбек Бабановдун Кыргызстанга келүүсү тууралуу ой-пикирин жазды.

«Республика-Ата Журт» фракциясынын айрым депутаттары мыйзамды билип туруп эле, атайылап коомчулукту алдап жатышат. Мисалы, Р. Казакпаев, К. Бокоев ж. б. Булар Бабановдун келиши боюнча бийлик менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, алдынан өтүп жатабыз дешет. «Бабанов сөз жок келет» деген билдирүү таратып жатышат. Эгер Бабановдун келээри анык болсо, анда муну буларсыз эле, ачык айтып чыкмак. Анткени акыркы учурларда булар Атамбаевди колдогон саясатчылар катары белгилүү болуп калды. Бабанов жана анын нукура колдоочулары анын Атамбаев менен бирикпей турганын билдирип жатат. УКМК болсо, Эгер Бабанов өлкөгө кайтып келсе, сөз жок камалаарын билдирип жатышат. Ошондо, бул депутаттар Бабановго каршы иштеп жатышкандай. Бул проблеманы жалпы карасак, анда булар Бабановду эптеп өлкөгө алып кирип алсак, анан ал камалса, Атамбаев менен биригип элди көтөрүп, өлкөгө тополоң салсак дегендей ниеттери бар саясатчылардай көрүнүп калып жатышат. Кыязы, бул депутаттар өз кызыкчылыктарында аракет кылгандай. Булар партиянын капчыгы болгон Бабановсуз, кийинки парламенттик шайлоолорго барбай калабыз деп, тызылдап, коркуп жатышса керек. Болбосо, каратып туруп, өз партбосуна, анын позициясына каршы билдирүүлөрдү таратышпаса керек. Кыргызстанда мыйзам баарынан улук. Өлкөдө жаңы бийлик келгенден бери, мыйзамдуулук учүн күрөш жүрүп жатат. Анан кантип, булар бийлик менен тымызын сүйлөшүшүп, анын алдынан өтүп жатышат түшүнүксүз. Баары кыргызча. Бабанов кыргызча кылбайт да. Ал бизнесмен. Жеке кызыкчылыкта аракеттенет жана ишти кыргызча кылбаса керек. Же булар Бабанов акыры келет деп, ага «медвежий услуга» кылып жатышабы? Мен Бабановдун мыйзамдуу кайтып келишин каалар элем.

Еlgezit.kg Табылды Акеров менен байланышып, Бабановдун келээри туурасында анын оюн сурады.

— Эгерде Бабанов Кыргызстанга келсе, эмне болот?

-Ал келбейт. Бул жөн эле орусча айтканда «розыгрыш» деп жооп узатты.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.