Руслан Казакбаев, депутат: «Өмүрбек Бабанов жакын арада чындыгында эле Кыргызстанга келем деп жатат»

Интервью 26 Мар 2019 11:00
0 ой-пикир

Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга келегенден кийин мыйзам алдында жооп берүүгө даяр. Мындай пикирди Жогорку Кеңештин Республика-Ата-Журт фракциясынын депутаты Руслан Казакбаев «Маралга» берген маегинде билдирди.

«Биз баарына даярбыз. Бул ачык, акыйкат иш. Чындык дайыма жеңет. Чындык азыр биз тарапта. Бул шайлоонун убагындагы саясий иш. Улуттар аралык араздашууга шек келтирди деп иш ачылган. Бул иш боюнча эксперттердин корутунудусу УКМКга берилген. Каттуу көрүнүшкө алып барганга эч кандай негиз жок. Мындай саясий иштерди УКМК элге дайыма билдирип туруш керек. Бирок УКМК биринчи жолу өз оюн билдирип жатат. Мени таң калтырган жагы бар. Мыйзам алдында жооп берет деди. Тергөө иштери улантылат десе туура болот. Бабанов жоопкерчиликтен качпайт жана качкан эмес. Мыйзам астында жооп берүүгө даяр»

Мындан сыткары Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга келгенден кийин басма сөз каражаттарына жана тергөөчүлөрдүн баардык суроолоруна жооп бере турганын кошумчалады.

Өмүрбек Бабанов жакын арада чындыгында эле Кыргызстанга келет

«Өмүрбек Бабанов жакын арада чындыгында эле Кыргызстанга келем деп жатат. Эки жума мурун 4-5 депутатыбыз, анын ичинде мен да бармын, Орусияга болгон иш сапарыбызда Өмүрбек Токтогулович менен да жолугуштук эле дос катары, коллега катары. Ошондо да эң жакын арада Кыргызстанга келе турганын билдирди. Буга чейин да телефон аркылуу сүйлөшүүлөрдө билдирип турган. Акыркы жоолугушууда да ошентип айтты. Кудай буйруса жакын арада Өмүрбек Токтогуловичти Кыргызстандан көрөбүз»

Бабановдун келиши үчүн бийлик менен сүйлөшүүлөр болгон жана болуп келет

«Эми бул саясат. Саясий маселелерди чечүүдө сүйлөшүүлөр болгон жана болуп келген. Бабановдун иши боюнча, иштин саясий өңүттө болгонун биз башынан аныктап келгенбиз. Бабановго байланышкан иш саясий экенин баардыгы билет. Акыркы президенттик шайлоодон кийинки ачылган иш. Кыска заманда адилеттүү жана калыс жабылат деген үмүттөбүз. Экс-президент Алмазбек Атамбаев менен менин сүйлөшүүлөрүм болгон, азыркы президентибиз Сооронбай Жээнбеков менен сүйлөшүүлөр болгон, укук коргоо органдарында сүйлөшүүлөр болгон. Акыркы он айдан бери мен сүйлөшүүлөргө катышкан жокмун. Ошондуктан мен акыркы мезгилде сүйлөшүүлөр кайсы деңгээлде жүрүп жатат жана жыйынтыгы кандай болот менин билгим жок. Саясий соодалашуу журуп жатат дегенден мен алыс болот элем»,- деди Руслан Казакбаев.

Мындан сырткары сүйлөшүүлөрдүн жүрүп жаткандыгынан эч кандай коркунуч болбош керектигин кошумчалады.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.