Сабыр МУКАНБЕТОВ, коомдук ишмер: “Партиялар ирилешмейин шайлоодо жеңе албастыгын сезиши керек…”

Аналитика, Интервью 25 Мар 2019 16:12
0 ой-пикир

Сиз, Кыргызстанды жети облус, Бишкек, Ош шаарлары менен тогуз округга бөлүп, тогуз тизме түзүү сунушуна келгенде токтогонбуз. Ошо жерден улантасызбы?
— Ооба ошо жерден улайлы. Бул тогуз округ, тогуз тизме киргизүү менин сунушум эмес. Бул деле ЖКнын депутаттарынын, саясый партиялардын сунушу. Мен бул сунушту бүгүнкү шартка шайкеш келет деген таризде эле колдоп жатам. Негизги максат шайлана турган талапкерлердин шайлоочулар менен болгон туруктуу карым катнашын камсыздоо, анан партбосстордун мандат соодаламай коррупциалык системасын токтотуу болуп жатпайбы. Талапкерлер партия лидеринин калтасына пулун салып берип депутат болуп алып, шайлоочуларыңды да, региондогу көйгөйлөрүңдү да уруп ойнобой,өзүлөрүнчө эле жыргап, манчыркап жүргөндөн улам, эл нааразы болуп аткандан улам чыгып аткан сунуш да. Анан жанагыдай, регион боюнча тогуз тизме түзүлүп, “ошол региондон депутат болом, региондун кызыкчылыгын коргойм, ошол региондун шайлоочуларынын добушу үчүн ат салышам, шайлоочулардын көйгөйүн өз көйгөйүмдөйкөрөм”- дегендер чыкса, анан шайлоочулар да кимдерди шайлап атканын өз көздөрү менен көрүп, суроо талаптарын айтып, кайсы партия кандай адамдарды алып чыгып атканын карап, байкап, тандап анан шайласа, анан беш жыл боюу
шайлап алган депутаты менен тыгыз байланыш түзүлүп иш жүрсө деген ниет. Келечегинде административдик реформалардан кийин облустар жоюлуп, райондор ирилештирилип, 20-25 улус же аймак
дейбизби түзүлсө деле кайра өзгөрүп 20-25 округ, ошончо тизме болуп өзгөрүп кете берет. Аны менен эле токтоп калбай, коомубуздун деңгээлине карай өзгөртүүлөр тынымсыз улантыла бериши керек деп эсептейм. Бара-бара, бир жагынан, депутаттар шайлана турган регионуна тикелей байланып, шайлоочуларынын добушуна тикелей көз каранды болгон, экинчи жагынан, сөзсүз түрдө, талапкер кандайдыр бир партиянын атынан чыгып, ошол партиянын идеясын жайылтып, сунуштай турган системага келишибиз керек. Маселен Германиядагыдай болуп, шайлоого катышкан партия тизме алып чыкпай, ар бир округга тирүүлөй талапкер алып чыгат, а округдардын саны мыйзам менен аныкталган депутаттардын санына барабар болот. Ошого барышыбыз керек акыры. Анан, эч идеяга байланбаган дабдыр депутаттардын кереги жок. Таза можаритардык системадан баш тартуунун негизги себеби ошондо болуп жатпайбы. Ал
тууралуу өткөндө жакшы эле айтылган.

— Жакында, жаштардын шайлоого катышуу укугун коргоону көздөгөн топ маалымат жыйынын өткөзүп, шайлоого катышуу үчүн белгиленген залогдук сумманы азайтууну, анан шайлоонун жеңүүчүлөрүнүн
катарына кошуучу 9% порогду төмөндөтүүнү талап кылышты. Демилгечилердин айтымында бул шарттар өзгөртүлбөсө жаштар шайлоого катыша албай, сыртта калаары айтылууда. Сиз кандай дейсиз?
— Өзүнөр билесиңер, азыр бизде 300гө жакын партиялар бар. Ошол аты затына шайкеш келбеген, кандайдыр бир өнүгүү жолун сунуштаган идеясы жок, амбициалуу бир саясатчынын калтасында жүргөн печать, жеке адамдын кызыкчылыгын канагаттандыруу максатында чүргөлгөн партия кимге керек? Эмне үчүн биздин коом, ошондой мыйзамдагы жылчыкты
колдонуп, жеке кызыкчылыгын элдин, мамлекеттин кызыкчылыгынан жогору койгон шылуун саясатчылардын шоусуна жем болушу керек. Албетте, 9% деген чек өтө жогору, аны өтүш абдан кыйын. Жалгыз-жарым, жеке менчик партиялар андан өтө албайт. Бирок бул чек керек. Анткени, бул чек партияларды аргасыздан биригүүгө мажбурлайт. Бизге эмне кереги бар, жер
жайнаган, пайда-батасы жок 300 партиянын. Туурабы? Биригишсин. Жалпы адамзатка белгилүү 5-6 багытты, идеяны сунуштаган партияларга биригишсе, ошондо өнүгүүнүн жаңы этабы башталат. Анан ошондой ирилешип бириккенден кийинки чооң-чоң партияларга залогдук сумма деле болбогон эле тыйын болуп калат. Анан жаштар тууралуу… “Жалаң жаштар биригебиз, бийлик үчүн күрөшөбүз, мандатка ээ болуп бийликти колго алабыз” деген идея болушу керекпи? Андай болбойт да. Жаштар да жетилип, шайлоого, шайланууга жараганда тандоого дуушар болот. Алар да бир идеяны, бир партияны тандашы керек. Жалаң жаштар өзүнчө болуп биригип, күчкө салса да бийликти артып алышып, анан жаштардын маселеси приоритеттүү болуп, мамлекет аларга кызмат кыла турган болсо, карыкартан, бала-бакыра эмне кылат? Андай мамлекет кандай өнүгөт?
Кызуу кандуу жаштар бийликти алгандан кийин, “пенсионерлер көп экен, чыгашаны азайтуу керек, клеткаларга салып баккан үнөмдүү”- дешсе, же таптакыр эле экстремистик лозуңдар чыкса кантебиз? Ошондуктан, менин оюмча, жаштардын, аялдардын, пенсионерлердин деген, же ж.б.у.с. спецификалуу партиялар таптакыр болбошу керек. Баардык партиялардын катарында жаштары да, кары-картаңы да, эркек-ургаачысы аралаш болуш керек. Негизи коомубуз ошондой аралаш эмеспи. “Кой аксагы менен миң” деген кеп бар да.
— Анан эми, бул шайлоо кодексине өзгөртүү киргизүү иш аракеттери кандай ишке ашып, кандай сунуштар кабыл алынып, кандай өзгөрүүлөр киргизилет деген ойдосуз?
— Эми аны бийлик башындагылар, депутаттар чечет да. Менин байкашымча азыр Шайлоо кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча бир пикирге келише элек. Ар түрдүү сунуштар айтылып жатат. Убакыт болсо тарып баратат. Аягында шашылыш аракеттенүүгө мажбур болушуп, таптакыр өзүлөрү ойлобогондой чечимдерге келип калыштары да мүмкүн. Исхак Масалиев менен Жанар Акаевдин санаркоолору да бекер жерден чыккан жери жок. Самотек менен кетип бараткандан улам чыккан санаркоо деп баамдап атабыз. Эми кандай болоорун убакыт көргөзөт. Чала жан кодекс болуп калса ошол депутаттар менен бийлик башындагылардын күнөөсү болот. Коом болсо убакыттан уттурат, анан баары биркайрадан оңдоп-түздөгөнгө аргасыз болот. Анткени акыры барып, бир оптималдуу, адилет, акыйкат, калыс шайлоо системасын түзмөйүнчө өнүгүү жок да.
— Эми сөздү 2020-жылы өтө турган парламенттик шайлоого катыша турган партияларга буралы. Учурда парламентте фракциялары бар партиялардын, өткөн шайлоодо парламентке кирбей калган партиялардын баарынын эле шайлоого аттанууга ниеттери бар экени байкалууда. Алдыдагы парламенттик шайлоо кандай өтөт, кимдин канча шансы бар деген суроону койгум келип жатат? Ушу маселеге токтоло кетсеңиз?
— Азыркыдай өтмө чек 9% болгон шартта мурдатан шайлоого катышып, жеңип, же марага жакындап, бирок өтпөй келген партиялардын баары тең эле терен ойлонууга мажбур болуп турат.
Белдүү саясатчылар, партия лидерлеринин баарынын башы маң болуп, ким менен биригиш керектигин күндүр-түндүр ойлонушуп, бири-бирин акмалап, тооруп баштаган кез. Анткени чоң биримдик түзмөйүнчө өтүш кыйын. Анан таасирдүү, электораты бар саясатчылардын жоон тобун бириктирүү, үлкөн каражатты камтама кылуу андан да кыйын. Өткөн шайлоолордо административдик ресурстун колдоосу бар бийликчил партияларга ачыктан ачык шанс берилип турган болсо, бул сапар бийликчил КСДП өзү эки бөлүнүп, экс-президент тарабы бийликке оппозиция экенин жарыялап,
3-апрелде бир жагы, 6-апрелде экинчи жагы сьезд өткөзгөнү жатат. Эми булардын кайсы тарабы КСДП деген брендге ээ болуп, кимиси кандай платформада шайлоого аттанаары азырынча белгисиз.
Экс-президент Алмазбек Атамбаев тарабы партияны колдон чыгарбаганга жетишсе анда КСДП бийликке оппозициялык платформада шайлоого аттанаары турган иш. Эгерде Сагынбек Абдырахманов баштаган “Атамбаевсиз КСДП” кыймылы брендди жеңип кетсе анда КСДП бийликчил партия иретинде шайлоого аттанып, адмресурс колдоосуна ээ болушу толук
мүмкүн. Анткени, КСДП фракциясындагы депутаттар аткаруу бийлигиндеги, жергиликтүү бийлик курамындагы өзүлөрүнүн карьераларын КСДП партиясы менен байланыштырган аткаминерлердин көбүнө бул ыңгайлуу болгону турат.
Анүстүнө, булар, акыркы учурда партия лидери Алмазбек Атамбаевге караганда, КСДПнын талапкери катары көрсөтүлүп шайланган президент Сооронбай Жээнбековго ыктап, аны колдоого алып келе жатканын, экс-президенттин тегерегиндеги чакан топтон башка КСДПчылар, кандай деген күндө да бийлик партиясы деген статусту колдон чыгарбай келе жатканын көрүп турабыз. Ошондуктан, мен, “ушу кийинки шайлоодо деле КСДП бийликтин партиясы катары административдик ресуртарга таянып, башкаларга караганда шансы бир топ жогору болот болуш керек”- деп ойлойм да. Анткени булар, азыр башкаруучу коалицияда үстөмдүк кылып, аткаруу бийлигин, жер-жерлердеги бийликти көзөмөлдөп турушат. Президентке да колдоо көрсөтүп, колуна кол, бутуна бут болуп келе жатышат.
Президент өзү “партиялык иштерге аралашпашы керек”- деген менен ал өз ыйгарым укуктарын ишке ашыруу үчүн деле ЖКдагы партиялардын, өлкөдөгү саясый күчтөрдүн колдоосуна муктаж.
Ошондуктан ага, бул шайлоодо да, андан кийин да колдоо көрсөтөм деген партиялар менен, ар кандай саясый күчтөр менен жөнсүз каршылашыш эч пайдасыз. Баарына бирдей мамиле кылганга аракеттенип кызматташышы керек. Мындай жагдайда, буга чейин өз партиясы катары колдоп келген КСДП айтпаса да ага эң жакын саясый күч катары биринчи колдоого ээ болоору турган иш.
КСДПдан тышкары буга чейинки шайлоолордо татыктуу ат салышып, марага жетип, жетпей келген, белдүү партияларды атаганда “Республика”, “Ата Мекен”, “Ата Журт”, “Бир Бол”, “Өнүгүү”, “Кыргызстан”, “Ар-Намыс”, Бүтүн Кыргызстан”, “Эмгек”, “Ак шумкар” сыяктуу партиялар эске келет. Булардын ичинен Өмүрбек Бабанов сырт жакта качып жүрсө, Өмүрбек Текебаев камакта болуп, шайлоого катышаар,
катышпасы арсар болгондуктан “Республика” менен “Ата Мекен” партиялары бул шайлоодо өз алдыларынча желек көтөрүшөөрү күмөн. Текебаев акталып, Бабанов кайтып келип эле калбаса, буларың бирөөлөрдүн эшигин сагалоого эле мажбур болушчудай болуп калды.
Жогорку Кеңеште отурган Алтынбек Сулайманов, Бакыт Төрөбаев, Канатбек Исаевдердин партиялары да өткөн шайлоодогудай өз алдынча чыгып ийгиликке жетишерине өзүлөрү ишенишпей турушат. “9% чектен өтпөйбүз”- деп, биригүүгө аракеттенишүүдө. “Бир Бол” менен “Кыргызстан” колдон келсе бийликчил багыттагы тизмеге бириксек деген ойдо жүргөндөрү байкалат. Бийликке ыктоодон майнап чыкпастай көрүнгөн “Өнүгүү” бактысын бийликтен сырткары кошулмалардан издөөчүдөй. Акыркы шайлоодо марага илинбей, армандары аттын башындай болуп турган “Ар-Намыс”, “Бүтүн Кыргызстан”, “Ак шумкар” ж.б.у.с. партиялардын баары бүгүн катуу ой толгоодо болуп, “кандай кылып кеңири альянс түзсөк” дешип баштары маң. 2007-жылдагыдай бирикме керек дешет. Анысы чын. Анткени чоң бирикме түзмөйүнчө марага жетүү кыйын. Анан дагы бардык жагынан терең ойлонулган, ресурсу жетиштүү, артында электораты бар саясатчылардан турган
бирикме түзүш оңой эмес. Буга чейин даңкылдап, таскагы катуу кетип бараткан Адахан Мадумаров да Баткендеги жер талаштагы тажиктерге жан тартып кол койгону билинип, катуу мүдүрүлдү. Эми буга чейин аны колдоп добуш берип келген ичкилик туугандарынан колдоо табары күмөн болуп калды. Бул окуя, ушуга чейин ага ыктап, кошулууга ниеттенип келген саясатчылардын бир
тобунун көнүлүн суутуп койгону байкалууда. Ушу тапта, “Ата Журт” партиясы гана шайлоого аттанууга ниетин билдирип, Камчыбек Ташиев менен Ахматбек Келдибеков саясатчылар арасында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, ачык аракеттерди көрө баштаганы байкалат. Калгандары дагы деле ойлонуу үстүндө жатышкандай. Өткөн шайлоодо адашып жолу болбой калганы менен ресурсу кенен, бийлик жактан лоялдуулукту камсыз кыла ала турган “Эмгек” партиясынын, “Замандаш”, “Мекен ынтымагы” сыяктуу калың катмарды камтыбаса да элге таанымал
болгон партиялар да ар кандай бирикмелер аркылуу ат салышууга даярданышууда. Булардын ичинен “Эмгек” партиясынын бийликчил партиялар менен тил табышууга кеңири мүмкүнчүлүгү бар. Ошондой эле “Замандаш” дагы деле (уже үч созыв) бийликтен үмүт эткен оюнан жаза электей. Эми шайлоого дагы бир жылдан ашык убакыт бар. Ага чейин мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилип, шарттар өзгөрөт. Айтор жалгыздап өтүш кыйын, саясый партиялар кеңири бирикмелерге барууга мажбур. Анан кандай болоорун көрө жатабыз.
Маектешкен Нургазы АНАРКУЛОВ
Булак: “Майдан. kg” гезити

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.