Бабанов келсе, Кыргызстанга канча акча берет?

Окуялар тизмеги 25 Мар 2019 11:29
0 ой-пикир

Өмүрбек Бабановдун бир айдын ичинде Кыргызстанга кайтышы мүмкүн экендиги айтылган. Бабанов 21-мартта «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу кыргызстандыктарды
Нооруз майрамы менен куттуктап, «жакында көрүшкөнчө» деп жазган эле. Elgezit.kg Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиевден бул тууралуу суроо берди. Эл өкүлү: «Менде андай кабар жок, келсе келет, ал өзүнүн иши да», -деп жооп узатты.

Ал эми ЖКнын дагы бир өкүлү Кенжебек Бокоевдин айтымында, Өмүрбек Бабановдун Кыргызстанга кайтып келиши боюнча анын
тарапташтары бийлик менен сүйлөшүп жатканын Аззаттыкка билдириптир. «Өмүрбек Бабановго иш козголгондон бери эле бийлик менен сүйлөшүү болуп келатат. Мен Өмүрбек Бабановдун келишине
бийлик каршы эмес деп ойлойм. Бирок толук макулдук беришин биз да күтүп, ошону билдирип жатабыз. Президентке да айттырып, астынан өтүп атабыз. Бийлик уруксатын берет деп ойлойм»
дептир. Макул, президенттин алдынан өтүштү, Бабановдун Кыргызстанга келишине бийлик уруксат берсе, анда кандай болот. Кылмыш кылган адам тергөөчү же сот менен сүйлөшүп алып, алардын
алдынан өтүп ишин жаап алгандай эле калбайбы. Эгер Кенжебек Бокоев айткан сүйлөшүүсү ишке ашып Бабанов Кыргызстанга келсе, анда коомчулукта бийликке канча акча берип макул кылды деген
ойлор кеңири тарап, элдин бийликке болгон ишеними жоголушу мүмкүн.

Эскерте кетсек, буга чейин Өмүрбек Бабанов 2017-жылдын 28-сентябрында Ош шаарынын Амир Темир (Он-Адыр) кичи районунун жашоочулары менен жолугуп, шайлоо алдындагы үгүт иштеринин жүргүзүүдө Конституциялык түзүлүштү күчкө салып өзгөртүүгө чакырык жасады жана Улуттук этностор аралык), расалык, диний же аймак аралык кастыкты козутуу деген кине менен айыпталып, кылмыш иши козголгон. Бирок, издөө жарыяланган эмес.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.