Өмүрбек Бабановдун Кыргызстанга кайтып келиши боюнча анын тарапташтары бийлик менен сүйлөшүп жатат

Окуялар тизмеги 22 Мар 2019 16:24
0 ой-пикир

Бул тууралуу «Азаттыкка» аталган фракциянын депутаты Кенжебек Бокоев билдирди.

«Өмүрбек Бабановго иш козголгондон бери эле бийлик менен сүйлөшүү болуп келатат. Буга чейин Руслан Казакбаев деле «сүйлөшүүлөр болуп, мурунку бийлик «бир жыл өлкөгө келбей турасың» деген шартты койгон» деп айтпады беле. Мен Өмүрбек Бабановдун келишине бийлик каршы эмес деп ойлойм. Бирок толук макулдук берүүсүн биз да күтүп, ошону билдирип жатабыз. Президентке да айттырып, астынан өтүп атабыз. Бийлик уруксатын берет деп ойлойм», — деди Бокоев:

«Республика — Ата Журт» фракциясынын мурдагы лидери Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга кайтып келүүнү пландап жатканы 21-мартта белгилүү болгон.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.