Өмүрбек Бабанов келсе, жоопко тартылат

Окуялар тизмеги 22 Мар 2019 12:48
0 ой-пикир

“Республика” партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга кайтса, мыйзам боюнча жоопко тартылат.

Бул тууралуу УКМКнын расмий өкүлү Рахат Сулайманов билдирди. Анын айтымында, Бабановдун өлкөгө кайтуу ниети боюнча кабарларды комментарийлеп жатып, “мыйзам чегинде жоопко тартылат” деп билдирди.

Буга чейин Өмүрбек Бабановдун бир айдын ичинде өлкөгө кайтышы мүмкүн экенин анын жакын үзөңгүлөштөрүнүн бири, Жогорку Кеңештин депутаты Максат Сабиров кабарлаган.

Эске салсак, Өмүрбек Бабанов 21-мартта “Фейсбуктагы” баракчасы аркылуу кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктап, “жакында көрүшкөнчө” деп жазган эле.

Ал эми “Республика-Ата Журт” фракциясынан дагы бир депутат Кенжебек Бокоев учурда Бабановдун өлкөгө кайтышы боюнча бийлик менен сүйлөшүү жүрүп жатканын ырастады.

«Республика» партиясынын мурдагы лидери Өмүрбек Бабанов 2017-жылдын 15-октябрында өткөн президенттик шайлоодо ат салышып, экинчи орунду ээлеген.

Ошондой эле ал 2017-жылдын 4-ноябрда «анын шайлоонун үгүт өнөктүгүндө эл алдында чыгып сүйлөгөн айрым сөздөрү конституциялык түзүлүшкө каршы келет» деген негизде Башкы прокуратура иш козгоп, материалдарды УКМКга өткөрүп берген. Ага карата «бийликти басып алууга даярдык көрүү» деген айып менен да иш козголгону кабарланган.

Бул айыптоолорду четке каккан Бабанов өлкөдөн чыгып кетип, кийин депутаттык мандатын тапшырып, саясаттан кеткенин жарыялаган. Ошондой эле, ал мындан ары саясат менен алектенбей тургандыгын да билдирген.

УКМК буга чейин саясатчыга козголгон иштердин бири токтоп турса, экинчиси боюнча тергөө жүрүп жатканын кабарлаган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.