Facebook социалдык баракчасы мечиттеги терактын 1,5 млн видеосун өчүрдү

Окуялар тизмеги 18 Мар 2019 12:08
0 ой-пикир

Жаңы Зеландиядагы Крайсчерч шаарындагы 50 адамдын өмүрүн алган эки мечитке теракт тартылган тасманын оңдолгон варианттары да өчүрүлгөнүн компаниянын өкүлү Мия Гэрлик билдирди.

15-мартта Жаңы Зеландиянын Крайстчерч шаарындагы «Аль-Нур» жана «Линвуд» мечиттеринде жума намаз окулуп жатканда 28 жаштагы австралиялык Брентон Таррант мечитке кирип барып, андагы адамдарды аткылаганын «Фейсбуктагы» баракчасында түз эфирде көрсөткөн.

Террактан кийинки алгачкы сааттарда тасманын 17 мүнөттүк толук версиясы башка соц тармактарга таркап кеткен. Полициянын тыюусуна карабай, айрым маалымат каражаттары да аны көрсөтүшкөн.

«Фейсбукту» өз эрежелерине карабай, түз эфирдеги берүүнү токтотуп салбаганы жана бул тасманын жайылышын токтотууга аракет кылбаганы үчүн коомчулук айыптап чыккан.

Мечиттердеги терактка шектелген Брентон Таррантка 17-мартта “адам өлтүрүү” боюнча айып тагылды. Анын дагы эки шериги кармалганын маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Жаңы Зеландиянын премьер-министри Жасинди Ардерн ишемби күнкү терактты “адам чыдагыс зомбулук” деп атап, өлкөдө курал-жарак сатуу боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизүү зарылдыгын белгиледи.

Полициянын маалыматы боюнча, кылмышкерде беш курал болгон. Анын баарын мыйзамдуу сатып алган.

15-мартта Жаңы Зеландиянын Крайстчерч шаарындагы «Аль-Нур» жана «Линвуд» мечиттеринде жума намаз окулуп жатканда автоматчандар ок жаадырып кирип барышкан. Бул учурда мечитте 300 адам болгон.

Терактты уюштурган адам Интернетке мигранттарга каршы улутчул манифест жарыялап, андан соң мечитке кол салганын түз эфирде көрсөткөн.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.