«Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкери иш учурунда көз жумду

Окуялар тизмеги 15 Мар 2019 15:59
0 ой-пикир

Бишкек шаарында «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкери Үсөн Жусубалиевди иш учурунда автоунаа сүзүп кетип каза болду. Окуя 14-март кечинде, 20:00дөрдо болгон. Кызматкер шаардын Профсоюз көчөсүндө жолду тазалап жүргөн кезде аны катуу келе жаткан жеңил машине уруп кеткен.

«Тазалык» ишканасы билдиргендей, Жусубалиев иштеп жаткан көчө жарыктандырылган. Кызматкерде автоунаанын жарыгына чагылуучу атайын кесиптик кийим болгон.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы ырастагандай, окуяга айыптуу айдоочу кармалды. Тергөө иштери жүрүп жатат.

Жалал-Абад облусунун Казарман айылынын тургуну Үсөн Жусубалиев Бишкекте, Тынчтык массивинде турчу. Жубайы да «Тазалык» ишканасында эмгектенет.

Бишкек шаардык мэриясы жана «Тазалык» муниципалдык ишканасы маркумдун жакындарына көңүл айтуу менен айдоочуларды этияттыкка чакырат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.