Саясатчы Эмиль Жураев чек арада болгон окуялардын алдын алуу үчүн эмне кылуу керектиги боюнча ой бөлүштү:
— Чек аранын такталбагандыгы – Кыргызстанда түздөн-түз коркунуч жаратып, кагылышууларды жана чырларды чыгарчу көйгөйлөрдөн. Жаңы кабыл алынган тышкы саясат боюнча Концепцияда чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо коңшулар менен болгон мамилелердин эң маанилүүсү экени жазылган.
Президент Концепцияга кол койгондон кийин Ак-Сайда мындай абалдын жаралышы “бир максатты го көздөп жатасыңар, кана эми ишке ашырып көргүлөчү” дегендей ишарат болдубу деген ой жаратат.
Менимче, мындай абалда жалгыз эле чек араны тактоо керек деген маселе менен гана чектелбестен, бир аз кененирээк көз караш менен кароо керек.
Биринчиден, бул аймакта жер жана суу ресурстарын биргеликте колдонуп, жашообуздун эң маанилүү булактары эки тарапка тең жеткиликтүү болушу керек.
Экинчиден, транс-чек ара аймагы режимин түзүп жана кабыл алуу зарыл. Ал эки тараптын коопсуздугун камсыз кылуучу, ыкчам реакция кылуучу, системалык түрдө түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жана араздашкандарды элдештирүүчү, биргеликте маданий жана башка иш-чараларды өткөрүүчү ж.б. камтыган комплекстүү иш-чара болуусу зарыл. Бир сөз менен айтканда, бир жерде жашап жатышса да бөлүнүп турган бул айылдарды системалык түрдө диалог жүргүзүүчү жана эки элдин ортосунда көпүрө болуучу аймакка айлантуу.
Үчүнчүдөн, Кыргызстандын тиешелүү мекемелери жана органдары такталбаган, бурмаланган маалыматтардын чыгуусун алдын алышы керек: бул жолу дагы мурдагыдай эле, тажик тарап тараткан маалыматтар биздин өлкөдөгүдөн бир топ айырмаланып турат. Жана дайым кайталанып жүргөндөй эле, кыргыз тарапты көбүрөөк күнөөкөр катары көрсөтүшүүдө. Мындай чындыкка дал келбеген маалыматтар кийинки сүйлөшүүлөргө жана элдешүүгө терс таасирин тийгизбей койбойт.
Жалпылап айтканда, Ак-Сай — Ворух чек ара аймагындагы көйгөйлөр жалгыз эле чек аранын аныкталбагандыгынан чыккан жок. Демаркациялоо кандайдыр бир деңгээлде чек арадагы мамилелерди жакшыртышы мүмкүн, бирок ал жактагы көйгөйлөрдү толугу менен чечпейт.
Ошондуктан, Кыргызстандын бийлиги (мурда эле) демаркация менен катар жана ага байланыштырбай эле бул аймактарды жөнгө салуу үчүн бардык башка зарыл инфраструктураларды өнүктүрүүсү керек болчу. Башкача айтканда, жогоруда аталган 3 милдет чек араны тактоо маселеси менен катар эле актуалдуу бойдон калууда жана кандай болбосун, кайсы бир формада ишке ашуусу зарыл.