Мурат Суталинов: Мен жашыруун саясий оюндардын курмандыгы болдум

Интервью, Статьялар 15 Мар 2019 11:55
0 ой-пикир

Мурат Суталинов: Мен жашыруун саясий оюндардын курмандыгы болдум

 Соттор кимдер?

Жакында эле президент Сооронбай Жээнбеков, Кыргызстандын соттор курултайында ата мекендик соттордун ишин сындады. Алардын көбү “сот деген ардактуу наамды алып жүрүүгө татыксыз” экенин айтты.

— “Мен баарыңарды жаман дегенден алысмын, бирок “бир карын майды бир кумалак чиритет” деген сөз бар. Араңарда ишиңер коомчулуктун нааразычылыгын жараткандар бар. Соттор мыйзамдын үстөмдүгүн камсыз кылууга милдеттүү, бирок айрымдар мыйзамсыз иштерге барып жатат. Мыйзамдарды жана этиканы бузган туура эмес чечимдерди чыгаргандар бар”,-деди өлкө башчысы.

Мыйзам үстөмдүгүн камсыз кылуучулардын адилетсиз иштеп жатканын Улуттук коопсуздук кызматынын экс-башчысы Мурат Суталиновдун иши далилдеп тургансыйт. 7-апрелдеги окуялар боюнча 25 жылга түрмөгө, мүлктөрүн конфискациялоо менен кесилген генерал катуу ооруп жатканына (акыркы баскычтагы бөйрөк рагы) карабастан мөөнөтүнөн мурда бошотулбай келет. Мыйзам боюнча дагы, Президент айтмакчы, этика боюнча дагы Мурат Суталинов абактан чыгарылышы керек эле. Бирок, Ленин райондук соту Бакыт Сыдыгалиевдин чечими менен ал эркиндикке чыккан жок. Адилеттүүлүк принциби тууралуу айта турган болсок, анда ушундай эле негиз менен соттор криминалдык авторитет Азиз Батукаевди коё беришкен болчу. Ал эми генералды акыркы күндөрүн түрмөдө өткөрүүгө калтырышты…

Коомчулуктун, эл аралык уюмдардын, юристтердин, укук коргоочулардын, Суталиновдун жакындарынын, туугандарынын көптөгөн кайрылууларына карабастан, соттор көзү сокур, кулагы кереңдей эле мамиле кылып жатышат. Эми сөз кезеги аппеляциялык инстанцияда – Бишкек шаардык сотунда. Биринчи отурумду жылдырышты. Кийинкиси 20-мартта болот.

Фемида – тактынын колундагы кылычпы?

Сот системасын буга чейинки президенттер дагы сындап келишкен. Мисалы, Алмазбек Атамбаев “Кыргызстандагы эки төңкөруштүн себеби” адилетсиз соттор экенин айткан. Бирок өлкө башчылары өздөрү сотторду аларга баш ийбеген саясатчылар, коомдук ишмерлер, массалык маалымат каражаттар менен күрөшүүчү каражатка айлантып алышчу. .. Өз кезегинде соттор мыйзамдуулук жана адилеттүүлүктү уруп ойнобостон, “Ак үйдүн” баардык буйруктарын аткарып келишкен.

Белгилүү болгондой, соттордун тажрыйбасынын жоктугу жана калыс эмес болгону мамлекеттин негизин кыйратып, бийликтин калк ичинде аброюн түшүрүп келет. Ошондуктан, укуктук нормалардын артынан адамды көрө билүү зарыл. Азыркы Президент Сооронбай Жээнбеков туура багыт алып, соттук системаны түп-тамырынан бери өзгөртө аларына ишенгибиз келип турат. Президент бир нече резонанстуу кылмыш иштерин өз көзөмөлүнө алды, мисалы, №3-шаардык милиция бөлүмүндө сабалган адам боюнча ишти. Олуттуу ооруга чалдыккан генералдын иши өзгөчө көңүл бөлүүгө татыктуу эмеспи?

Анын үстүнө бул жерде өлүм менен өмүр маселеси турат. Балким, Мурат Суталинов үйүндө толук кандуу медициналык жардам алып, айыгып кетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болмок?

«Сооронбай Жээнбеков мени жасалма душман катары билет»

Жактоочу аркылуу Мурат Суталиновдон айрым суроолорубузга жооп алдык.

— Эмнеге соттор сизди боштондукка чыгаргылары келбей жатат?

— Ленин райондук сотунда менин ишимди караган биринчи сот ишти кароодон баш тарткан. Ишти башка сотко өткөрүштү, белгисиз себептерден улам сот отуруму бир нече жолу жылдырылды. Натыйжада ал мени камакта калсын деп чечим кабыл алды. Чечимин окуп жатканда көзүн көтөрүп, элди карай алган жок. Менимче, ал чечимди өзү кабыл алган эмес, кайсы бир жогорку инстанциялар менен макулдашкан. Кандайдыр бир саясий максаттарды көздөгөн чечим чыкты окшойт.

— Сиз Сооронбай Жээнбеков менен Алмазбек Атамбаевдин ортосундагы интриганын саясий курмандыгы болуп калган жоксузбу? Дегеним, азыркы бийлик сизди бошотуу менен “бакиевдик режимди калыбына келтирип жатат” дегендей пикирлерден качкандыр?

— Абдан жакшы суроо болду. Бул суроого жооп берип жатып биринчини дагы толуктай кетсем. Мен Сооронбай Жээнбековду Өкмөттө чогу иштеген адам катары жакшы билем. Ошондой эле анын бир тууганы менен Ош облусунда бирге иштегем, мени ал жактагы адамдар жакшы жактарымды эстен чыгарбай, азыр дагы колдоо көрсөтүп турушат. Башкача айтканда, Жээнбеков менин жасалма душман катары эмес, чыныгы сапаттарымды билет.

— Ал менин боштондукка чыгуума каршы эмес деп ойлойм, бирок сиз айткандай, Жээнбеков менен Атамбаевдин ортосундагы каршылык негизги роль ойноп жатат. Себеби, келерки шайлоодо 7-апрелде жабыр тарткандардын добушун алыш керек да.

Албетте, “бакиевдик режимди калыбына келтирип жатат” деген пикирлер да болушу мүмкүн. Бирок мен эч качан Бакиевдердин жакындарынын катарын кирген эмесмин. Кесиптешим Марат Бакиевдин туулган күндөрүндө УКМКнын ашканасында офицердик столдо бирге отуруп калганыбыз эле болбосо.

— Туугандарыңыздын, жакындарыңыздын, коомчулуктун колдоосун сезип жатасызбы? Оору менен алышууда бул колдоо кандай жардам берет?

-Албетте, сезем, жана журналисттерге, укук коргоочуларга, карапайым калкка, активисттерге, мурунку кесиптештериме, ардагерлерге, жердештериме, тааныштарыма, жакындарыма, досторума жана туугандарыма ыраазымын.

Мындан сырткары, Россиянын, АКШнын, Украинанын, Грузиянын моралдык жана материалдык колдоолору мени таң калтырат. Биздин казак боордоштор дагы абдан чоң колдоо көрсөтүп жатышат. Мунун баары оору менен болгон күрөштө чоң жардамын берет.

— Сиз эмнеге Президентке ырайым сурап кайрылбайсыз?

— Былтыр жайында мен өзүмдү начар сезип жаттым, үй-бүлөм да айла таппай калышты, ошондо мен Президенттен ырайым сурап кайрылгам. Бир нече айдан кийин терс жооп келди. Анын себебин меникиндей оору менен ооругандар сот аркылуу бошотулат деп түшүндүрүшүптүр. Анда кимдерге ырайым беришет? Сиз айткандай, “бакиевдик режимди калыбына келтирип жатат” деген сындардан коркушту.

— Ушундай эле себеп менен кримавторитет Азиз Батукаевди бошотушпады беле… Ал эми сизди эркиндикке чыгарбай жатышат… Эмнеге?

— Себеби жөнөкөй эле — мен чечен эмесмин. Батукаевдин маселесин анын карындашы Яха чечкен. Чечнянын президенти Рамзан Кадыровго кайрылган. Ал Россиянын Госдумасындагы депутаттардын бирин, Россиянын Өкмөтүндөгү биздин республикадагы кураторун тарткан. Ошентип, Батукаев эркиндикке чыкты.

— Өлкөдөгү окуялардан кабардар болуп турасызбы? Бош убактыңызда эмне менен алаксыйсыз?

— Албетте. Көйгөйүң көп болгону менен адат калбайт экен да. Маалымат алып турам. Баардык жарандардай эле мен дагы туруктуу, өнүккөн, сөз эркиндиги бар, адам укуктары кагаз жүзүндө эмес, чыныгы жашоодо сакталган өлкөдө жашагым келет! Убактылуу өкмөт учурунда окуяларга баам салчу эмесмин, кызыккан жокмун. Бирок Атамбаев менен Жээнбековдун маалында мүмкүн болушунча окуялардан кабардар болгонго аракет кылам. Ал эми бош убактымда мурда спорт менен алек болчумун, азыр Кудай жана ааламтаануу жөнүндө ойлоном.

Илимге кайрылсак, «Үйдө дубалдар да жардам берет».

Бенсона-Гентри Институтундагы америкалык окумуштуулар атайын изилдөөлөрдү жүргүзүп, үйдөгү шартта оорулуулардын айыгуу процесси тез болорун аныкташкан. Бул мээдеги стресс менен байланышкан бөлүктөрүндөгү гендердин иштөөсү менен байланыштуу экен. Көрсө, оорулуу адамдардын социалдык изоляциялоо стресс абалын жаратып, айыгуу процессин начарлатат (чычкандарга изилдөө жүргүзгөндө алар өзүнүн ийиндеринен тез айыгып кетишкен). Узакка созулган дарылануудан же операциядан кийин оорулуулар өзүн үйүндөгү көнгөн шартта жакшы сезишет жана айыгуу тездейт.

Семетей АМАНБЕКОВ– атайын Elgtzit.kg үчүн.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.