Ким Чен Ындын бир тууганын ууландырганына шектелип жаткан аял эркиндикке чыкты

Окуялар тизмеги 11 Мар 2019 17:30
0 ой-пикир

Малайзия соту «Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын бир туугандарын ууландырган»​ деп шек саналган индонезиялык аялды бошотту. Ким Чен Нам 2017-жылы Куала-Лумпур шаарынын аэропортунда киши колдуу болуп өлгөн.

Малайзиянын полициясы дароо вьетнамдык жана индонезиялык эки аялды кармаган. Дүйшөмбүдө 27 жаштагы Сити Айсиа сот мындай чечим чыгарарын күтпөгөнүн айтты. Ал эми Вьетнамдын жараны, 30 жаштагы Доан Ти Хуоңдун соту кийинкиге калды.

Буга чейин Айсиа кимдир-бирөөлөр ага 90 доллардай акча берип, тамашага салып Ким Чен Намдын бетине балдарга сүйкөгөн майды чачууну сурашканын, ал жөн эле аны «тамашалап жатышат» деп ойлогонун айткан.

Ал эми прокурорлор эки аял Түндүк Кореянын агенттери менен алдын-ала сүйлөшүп алып, кылмышка барышкан деп эсептешет. 2000-жылдардын башынан бери бозгунда жашаган Ким Чен Нам өз үй-бүлөсүн ачык сындап жүрчү.

Ал БУУ массалык кыргын салуучу куралдардын тизмесине киргизген нервге таасир этүүчү зат менен ууландырылган. Эгер анын күнөөсү далилденсе, Айсия өлүм жазасына кесилиши мүмкүн эле.

Малайзиянын бийлиги «бул кылмыштын артында Түндүк Кореянын бийлиги турат» деп билдирген.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.