Марк Цукерберг, «Фейсбуктун» негиздөөчүсү: «Компания айрым өлкөлөрдө жаралган кырдаалга байланыштуу «Фейсбукту» жабууга да даяр»

Окуялар тизмеги 07 Мар 2019 11:00
0 ой-пикир

Социалдык тармактарды ар дайым колдонуп жүргөн пайдалануучулар оп учурда өзүнө керектүү материалдарды сактап келишет.  Жакында эле Фейсбукта айрым керектүү файлдар менен материалдар жоголуп кеткен. Бул «Инстаграм» жана «Вотсапка» да тиешелүү. Мындай маалыматты «Фейсбуктун» негиздөөчүсү Марк Цукерберг өз блогунда жазды. Анын айтымында, компания айрым өлкөлөрдө «Фейсбукту» жабууга да даяр.
Цукерберг компаниясын жаңыча өнүктүрүү пландары менен бөлүштү. Анын айтымында, социалдык тармактар пайдалануучулардын маалыматтарынын, каттарынын коопсуздугуна негизги көңүлдү бурат. Мындан тышкары «Фейсбуктун» пайдалануучулары каалаган убакта анда калтырган маалыматтарын өчүрүп сала алат. Буга чейин «Фейсбукту» «пайдалануучулардын жеке маалыматын тийиштүү деңгээлде сактай албайт» деп АКШнын Конгресси, Британия жана Батыштын бир катар өлкөлөрү айыптап чыгышкан. Айрым өлкөлөрдө соцтармактан колдонуучуларынын маалыматтары анда жайгашкан серверлерде сакталышы шарт деген мыйзамдар бар. Бул өлкөлөргө мындай талапты аткарбаганы үчүн «Фейсбукту» айыппулга жыккан Орусия жана «Фейсбуктун» бардык кызматтарына тыюу салынган Кытай кирет.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.