Депутат Бакирдин Субанбеков Талас, Баткен облусуна тергөө абагын курууну сунуштаганынын себебин айтты

Окуялар тизмеги 05 Мар 2019 17:06
0 ой-пикир

 Бул тууралуу ал бүгүн, 5-мартта Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди.

“Талас, Баткен облусуна тергөө абагын куруу боюнча сунушту көптөн бери айтып келем. Убагында каражат жок болуп, бул маселе каралган эмес. Кармалгандарды Таластан Бишкекке, Баткенден Ошко алып келгенде жол чыгашасы 10 эсеге көбөйүп кетти. Эсептеп көрсөк болот”, — деп ал Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Мелис Турганбаевге кайрылды.

Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында «Пробация институтун жайылтуу маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору каралды.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.