Иса Өмүркулов Улуттук энергохолдинг компаниясын жоюну сунуштады

Окуялар тизмеги 01 Мар 2019 15:15
0 ой-пикир

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов Улуттук энергохолдинг компаниясын жоюну сунуштады.

«Улуттук энергохолдинг компаниясынын кимге кереги бар? Ал коррупциялык схема менен эле түзүлгөн. Менимче, аны жоюш керек. Өкмөт эки ай аралыгында анын тагдыры боюнча так жообун берүүгө тийиш», — деди Жогорку Кеңештин депутаты Иса Өмүркулов Улуттук энергохолдинг компаниясы боюнча өткөрүлгөн бүгүнкү жыйында.

Кыргызстан, Тажикстан, Ооганстан, Пакистан менен биргелешип ишке ашыра турган CASA-1000 долбоорунун алкагында 3 эл аралык каржы уюмдары менен 133 млн доллар көлөмүндө жеӊилдетилген насыя алуу боюнча макулдашуулар бар. Келишим 2018-жылдын октябрь айында күчүнө кирди.

Жогорку чыӊалуудагы жаӊы энергетикалык тутумдун жалпы узундугу 450 чакырымды түзөт, анын 125 чакырымы Кыргызстандын аймагы аркылуу өтүүгө тийиш.

Келишимге ылайык, Кыргызстан энергетикалык тутумга жылдын май-октябрь аралыгында 1,5 млрд кВт/саат электр энергиясын бериши керек. Кыргызстандын электр энергиясын 3,5 центтен экспорттоого 15 жылдык кепилдиги бар. CASA-1000 долбоорун ишке ашыруу жүрүмүн Өнөр жай, энергетика комитети көзөмөлдөйт.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.