Суталиновдун жактоочусу райондук соттун чечимин жокко чыгаруу өтүнүчү менен Бишкек шаардык сотуна кайрылды

Окуялар тизмеги 25 Фев 2019 13:13
0 ой-пикир

Мурат Суталиновдун жактоочусу Тимур Карабаев Ленин райондук сотунун чечимин жокко чыгаруу өтүнүчү менен Бишкек шаардык сотуна кайрылды. Бул тууралуу ал журналисттерге билдирди. Адвокаттын айтымында, өсмө (рак) илдетине чалдыккан Мурат Суталинов паллиативдик жардамга муктаж, темир тор артында мындай жардамды алууга мүмкүн эмес.

15-февралда Бишкектеги Ленин райондук сотунун судьясы Бактыбек Сыдыгалиев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы жетекчиси Мурат Суталиновду оорусуна байланыштуу эркиндикке чыгаруу маселесин карап, аны абакта калтырган чечим чыгарган.

Сотто Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) өкүлү Суталиновдун мүнөзү чырдуу болбогонун, аны бошотууга каршылыгы жок экенин айткан. Ал эми көрсөтмө берген Суталиновдун бөйрөгү 4-баскычтагы өсмө илдети менен жабыркай тургандыгын, өпкө-боору, жүрөгү да соо эмес экенин айтып, соттолуучунун абалы оор экенин билдирген эле.

2010-жылдын апрель окуясынан кийин камалган Мурат Суталинов «өсмө оорусуна чалдыккан жана дарты өтүшүп кеткен» деген жүйөнү дарыгерлер айтып келатышат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.