Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев өкмөттү отставкага кетиргенин жарыялады

Окуялар тизмеги 22 Фев 2019 10:01
0 ой-пикир

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев өкмөттү отставкага кетиргенин жарыялады.

Президенттин кайрылуусунда мындай чечимди кабыл алууга өлкөдөгү социалдык-экономикалык тармактагы канааттардырбаган абал себеп болгон.

Ички дүң продукция сырьёлук ресурстар менен алдыга жылып жатат. Бирок өкмөт Улуттук банк менен бирге экономикалык өсүш үчүн реалдуу шарттарды түзө алган жок. Жумушчу орундары жетиштүү түзүлгөн жок, айрыкча айыл жеринде.

Назарбаев 2 жыл мурда конституциялык реформа жасалып, анын негизинде өкмөт жана акимдерге социалдык-экономикалык маселелерди жөнгө салууга жетиштүү укук берилгенин эске салды.

Кызматтан кеткен мурдагы премьер-министр Бакытжан Сагинтаев видео кайрылуу жасап, казак лидерине алкыш айтты.

“Мамлекет башкаруу оңой жумуш эмес. Жаш мамлекетти түрдүү кыйынчылыктардан аман алып өтүп, тарыхый өлчөмдөн алганда кыска убакытта ушундай абройлуу элге айландыруу чынында чексиз урматка татыктуу. Эл башы – элибиздин сан миңдеген жылдык тарыхындагы эң жооптуу мезгилинде калкыбыздын багына бүткөн улуу туулгасы. Ошол себептүү калкыбыз бүгүнкүсү менен жаркын болочогун Эл башынын ысымы менен гана байланыштырат”, — деди Сагинтаев билдирүүсүндө.

Кошуна өлкөнүн президенти жаңы келе турган министрлер кабинети калктын жашоосун жакшыртарына үмүт артарын билдирди.

Кошумчалай кетсек, Нурсултан Назарбаев Казакстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо болору тууралуу маалыматты четке каккан.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.