Казакстан көкпарды колдогон өлкөлөргө жылына 50 миң доллар берет

Окуялар тизмеги 19 Фев 2019 17:17
0 ой-пикир

Көкпар ассоциациясына мүчө болгон өлкөлөргө жылына 50 миң доллар каржылоо убадаланган. Бул тууралуу көк бөрү федерациясынын президенти Жыргалбек Саматов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

-Такталбаган маалыматтар боюнча Казакстандагы жыйында ассоциацияга мүчө болгон өлкөлөргө жылына 50 миң доллардан каржылоону мойнуна алыптыр. Бул туурасында катышкан өлкөлөрдүн өкүлдөрү айтышты. Ошондой эле жыйында Өзбекстанда өтө турган дүйнө биринчилигин да Көкпар ассоциациясы каржыламай болуптур.

Эске салсак, 14-февралда Казакстанда Көкпар ассоциациясынын жыйыны өтүп, катышуучу өлкөлөр бир добуш менен тай казандан баш тартуу тууралуу чечим кабыл алынды.

Жыйынга Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Монголия, Түркия, Венгрия, Кытай, Орусия, Ооганстан болуп тогуз өлкө катышты.

Жыйынтыгында, сегиз өлкө эл аралык мелдештерди мындан ары Казакстандын Кокпар эрежелери боюнча ойноо чечимин колдогон.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.