Абылгазиев: «Коопсуз шаар» жыл аягына чейин бардык шаарларда иштейт

Окуялар тизмеги 13 Фев 2019 14:18
0 ой-пикир

12-февралда Бишкектеги 10 жерде жол кыймыл коопсуздугун көзөмөлдөөчү камера ишке кирди. Жакын арада дагы 28 жерге коюлган камералар иштей баштайт. Бул тууралуу 13-февралда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев журналисттерге билдирди.

Өкмөт башчынын айтуусунда, «Коопсуз шаар» долбоорунун баш калаадагы төрт баскычы аягына чыккан соң, башка шаарларга киргизүү боюнча тендер жарыяланат. «Биринчи кезекте Ош шаары турат, ошондой эле жол кырсыгы көп катталган ири магистралдарга, облустук борборлорго жыл аягына чейин көзөмөл камералары орнотулат» деди өкмөт башчы.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 13-февралда ЖКККБнын Байкоо борборуна барып, «Коопсуз шаар» долбоорунун иши менен таанышты. Аталган борбордон өкмөт башчыга берилген маалымат боюнча, «Коопсуз шаар» долбоору ишке кирген бир суткада 761 эреже бузуу катталып, айыппулдун суммасы 878 миң сомду түзгөн.

Ал эми Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз катчысы Тилек Оторов “Азаттык” радиосуна “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында 12-февралда саат 17:00гө чейин 14 миңден ашуун жол эрежеси бузулган учур катталганын кабарлаган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.