Кыргызстанда үй-бүлөдөгү зомбулуктун көбөйүүсүнө вирус жана үйдө отуруу себеп эмес. Пандемия шартында үй-бүлөдөгү зомбулук абдан көбөйдү. Бул процессти токтотуу үчүн ар бирибиз кол кабыш кылуубуз кажет. Биз вирусту жеңгендей эле, бул зомбулукту дагы жеңе алабыз.
— Ал аны урат.
— Эмнеге андай ойлоп жатасың?
— Билесиңби, менин атам доктур болчу. Апам болсо бетиндеги көгаласын боек менен жабууга аракет кылчу. Бетинин бир тарабына жашыл консилер сүйкөп, андан соң тоналдык бет май койчу. Андан кийин бетинин өңү окшош болуш үчүн экинчи тарабын дагы ушинтип боеп чыкчу.
— Бул коркунучтуу…
— Биздин чоң үй-бүлөбүз баары муну билип туруп эле, көз жумуп кое бергени коркунучтуу. Көз жумуп койгондорду жек көрөм.
Бул америкалык “Эмнеге аялдарды өлтүрүшөт” (2019) деп аталган комедиялык-драма тасмасындагы аялдын монологу.
Үй-бүлөдөгү зомбулук коронавирус пандемиясы учурунда эле чыга калган көйгөй эмес. Бул көрүнүштүн себептери тереңде.
Көбүнчө аялдар жана балдар, башкача айтканда, өзүнө тура албаган, катылгандардын катыгын бере албаган алсыздар зомбулукка кабылышат.
Бул тууралуу сүйлөшүп жатып мени таң калдырган окуяларга туш болом. Зордук-зомбулук барган сайын күч алып, кыйноонун ар кандай түрлөрү колдонула баштаганы дагы мени өтө таң калтырды. Бул Сузактагы келиндин окуясындагыдай болуп ММКлардын чордонунда болуп, социалдык тармактарда чоң талкуу жаратты. Бирок ал аял күйөөсүн кечирип койду. Ага керек болсо, Джорджа Клуни фонду дагы болушуп чыкканын ММКлар жазышты.
Бирок мындай иштер жазасыз калганы дагы мени коркунучка кептеп келет.
Күйөөсүнөн ажырашкан аял, эки баласы бар, алар мыкты окушат жана мүнөзү абдан жакшы.
— Бизде аялды сабаган кадимки көрүнүш катары кабыл алынат. Ар бир үй-бүлөдө, жада калса, меникинде дагы. Бирок сырттан караганда андай деп ойлобойсуң. Менин мурун сөөктөрүм кыйшайып калган, омурткаларым жылышып кеткен. Ушунун айынан гаймориттен дарыланып жүрдүм. Омурткаларым да сыздап турат, эми өзүң түшүнөсүң да.
— Эмнеге мындай болду? Ал сени сабачу беле? Эмнеге? Сен анчалык эмне кылдың эле?
— Эч нерсе, болгону мас болчу. Анын ичкени тажатып жибергенде: “Эмнеге ичип жатасың? Бул канчага чейин уланат? Чарчадым…” деп баштайсың. Бул сөздөрдү көтөрө албайт. Бир жолу биздин үлпөт тойдогу сүрөтүбүздү алып, сындырганы калды. Мен тоскоол болуп, эмне кылып жатасың деп артынан чачынан кармадым. Ал бурулуп туруп бет талаштыра чаап калды… Бетим көгөрүп, мурдум шишип чыкты. Врач мурун сөөгүм кыйшайып калганын айтты. Туугандарыма бул тууралуу айткан жокмун. Бул тууралуу дагы, мени жаздык менен тумчуктурганын дагы айтпадым… Биз негизи мындай окуяларды жашырып турабыз. Бул тууралуу айткыбыз келбейт. Мындай окуялар толтура да. Менин курбум көп эле көгала болуп жүрөт. Сен кантип чыдап жатасың деп сурайм. Ал бир туруп жини келет, бир туруп аны сүйөм дейт. Балдарчы? Ооба аларга да мындай окуяларды көрүү абдан оор. Башка таанышым болсо тажаганынан асынып алды. 10 жашар кызы аны сактап калды – мектептен эрте келип калып отургуч берип, куткарып калды. Ал кыз чоңойгондон кийин бир нече жолу өз өмүрүнө кол салууга аракет кылган…
Ооба, бул бир коркунучтуу окуядай угулуп жатат. Бирок мунун баары чындык.
Зомбулук – бул алсыздардын куралы. Жан дүйнөсү алсыз, күчүнө таянгандардын куралы. Үй-бүлөдө күчтүү адам алсыздарды сабаганынын төмөнкүдөй себеби бар:
Эркек киши: ичип алат, жумушу жок, жинин аялынан жана балдарынан чыгарат, үйдө тамак жок болгонуна аялы жооптуу деп ойлойт, кызганат, ошентип үй-бүлөдө өзүнүн башчы экенин көрсөткүсү келет.
Аял киши: Күйөөсүнөн кете албайт, анткени барар жери жок, балдарым менен эч жерге батпайм деп ойлойт, акчасы жок, уялат, урушту сыртка чыгарбаш керек деген пикирде, күйөөсү бирөөгө айтсаң дагы катуу сабайм деп коркутат, туугандары өзүң күнөөлүүсүң дешет, үй-бүлөмдүн бетин жер каратам деп ойлойт, кичүү сиңдилерин күйөө албай коет дейт (бул өзгөчө түштүктө, өзбектер арасында калыптанган).
Айланадагылар: үй-бүлөлүк зомбулукка кабылгандарга туугандары болушпайт, күбөлөр дагы унчукпайт, башка үй-бүлө, өздөрү чечип алат дешет.
Мыйзам: зомбулук үчүн айып пулду жабырлануучу өзү төлөйт, себеби зомбулук көрсөткөн адам коронавируска байланыштуу карантинден улам иштебей отурат, мурда жабыр тарткандар арыз жазганы менен эч кандай көйгөй чечилбей келген, азыр болсо зомбулук көрсөткөн адамга коргоо ордери бар болгондуктан ал физикалык зомбулук көрсөтпөгөнү менен, моралдык жактан жеп коет. Азыр ЖКда кабыл алынган Мыйзамга ылайык, зомбулук көрсөткөн адамды 48 саатка камап койсо болот, бирок ал кайра үйүнө келгенде аял үчүн накта тозок башталат. Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандардын саны өсүүдө. Ар кайсы булактардын маалыматында статистика ар кандай, 2 миңден 8 миңге чейин. Жарым жылдык карантин учурунда бул сандар бир топ эле көбөйдү. Бул маселени тезинен чечип, тизгиндеп калуу керек. Бул боюнча эксперттер, Мыйзам чыгаруучулар, коомдук ишмерлер жана бейөкмөт уюмдар иш алып барып жатат.
Үй-бүлөлүк зомбулукка кабылгандарга кантип жардам берип, кантип сактап калсак болот?
Бул тууралуу психология илимдеринин кандидаты, балдар менен иштешүү боюнча психолог-эксперт Юлия Давыдова менен сүйлөшкөм. Ал балдар менен гана эмес, үй-бүлөлөр менен, психологиялык көйгөйгө кабылгандар менен да иш алып барат.
Адистер эл үйгө отурган убакта үй-бүлөдөгү абал начарлаганын, себеби үй-бүлө каржы жагынан көйгөйгө учураганын билдиришүүдө. Дал ушул абал эркектерде агрессия жаратып жатат, көбүнесе алардын катарына жашы өтүп калган аялдар дагы кошулушат.
Балдар дагы үй-бүлөлүк зомбулуктан көп жабыркашат. Үйүнөн качып кеткендер дагы, жылдап кордоого кабылгандар же зомбулукка күбө болгондор бар. Психологдор зомбулук көп болгон үйдө балдар дагы жабырлануучунун жүрүш-турушун, тагдырын кайталарын билдирип келишет. Эгерде бул айлангөчөктү бузбасак, анда бул көйгөйдүн аягына чыга албайбыз. Бирок бул процесс айларга гана эмес, жылдарга созулушу мүмкүн, мунун себеби тереңде, адаттарда, каада-салтта, аң сезимде жатат.
Мындай абалда азыр зомбулукка кабылган аялдар жана балдар эмне кылуусу керек?
Карантин маалында республика боюнча зомбулукка кабылгандардын саны көбөйүп, жабырлануучуларга жардам берген кризистик борборлор көбөйдү. Алардын ичинен эң белгилүүлөрү – “Сезим” жана “Шанс” борборлору.
Борборлордун тизмеси 2020-жылдын январь айында Kaktus.media сайтында жайгаштырылган.
Оор кырдаалга кабылган, үй-бүлөсүз камкордуксуз жана көзөмөлсүз калган, тууган-туушкандарынын жана досторунун жардамынан айрылган балдарга жана жаштарга жардам берүү аракетин көргөндөргө кылмыш иши козголуп жатканы өкүнүчтүү. Мындай балдарга “Балдарды жана жаштарды реабилитациялоо борборунун” жетекчиси Алексей Петрушевский жардам берип келгенин Юлия Давыдова билдирди. Борбордо тарбия алгандар ага дайыма ыраазычылыгын билдирип келишет. Франциянын адам укуктары боюнча консультативдик комиссиясынын премиясына татыган. Бирок азыр Петрушевский жаштардын жашоосун сактоонун ордуна убактылуу кармоочу жайда камакта.
Бишкектеги №14-мектепте Зомбулуктан жабыркаган балдарга жардам берүү борбору иштейт: +996 (312) 44-25-10, +996 (312) 54-29-34.
Ошондой эле психологдун кеңешин жана пайдалуу маалыматтарды алуу боюнча номерлер дагы иштейт. Бул Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин “111” ишеним номери жана “112” номерлери.
Мыйзам канчалык катаал болбосун үй-бүлөлүк зомбулук адамдардын башында, жан дүйнөсүндө пайда болот. Бул көйгөй менен күрөшүү үчүн жан дүйнө менен иштөө керек.
Бул биздин жалпы аң-сезимибизге да, башкача айтканда, зомбулукка кайдыгер мамиле жасагандыгыбыздан көз каранды. Зомбулукка көз жумуп койбогонубуздан көз каранды. Өзгөчө күндө көрүп, жаныбызда болуп жаткан зомбулукка көз жумбаганыбыздан көз каранды.
Материалдын автору: Элеонора ПРОЯЕВА
Сүрөт: ЮНИСЕФ/Нурани
Материал Elgezit.kg тарабынан Норвегиядагы Хельсинки Комитетинин жардамы менен «Корголбогон окуялар: Зордук-зомбулуктан жабыр тарткандар менен жолугушуудан зомбулуктун алдын алуу чараларына чейин» долбоорунун алкагында даярдалды.