Лейлек “Айгүлү” тууралуу бир шингил

Блог 11 Фев 2019 12:02
0 ой-пикир

Катраң айыл аймагындагы Баул айылынын тургундары ыйык тутуп, ондогон жылдардан бери сыйынып келатышкан касиеттүү “Атаян Баба” жайлоосунда өскөн “Айгүл” гүлүн жылда зыярат кылып келүүнү салтка айлантып алганбыз. Атагы Алайга, даңкы далайга кеткен ажайып гүлдү быйыл да барып көрүп (2018-жыл, апрель – авт.), табияттын таттуу балынан татып келдик.

Айрымдарды бараткан багытынан адаштырган ааламдашуу доорундагы тиричилик ташпиштерин бир паска болсо да унутуп, табият тартуулаган сулуулукка суктанып, түркүн-түмөн гүлдөрдүн жытынан кумарлана искеп, кубулжуган куштардын “ырына” кулак төшөгөнгө не жетсин.

— Балалыктын бал каймактай таттуу кездери эстен кетпес, оо, — дейт, “Атаян Баба” мазарынын шайыгы жана “Айгүл” гүлү өскөн аймактын корукчусу Ботоян ава. – Чоң атам – Баабай аксакалдын уламыш-жомокторун, алтынга тете акыл-насаат сөздөрүн тыңдап отуруп, кыштын узун түндөрүндө кантип уктап калганымды да сезбей калчумун. Ошол кездерде эле чоң атам табиятта сейрек кездешчү Айгүл гүлү туурасында да көп сөз кылчу…

Мындан 22 жыл мурда, т.а. 1996-жылы, ушундай жадыраган жаз күндөрүнүн биринде “Атаян Бабадагы” жайыттан кабар алайын деп, “Алгуй” (ушул аймактын жергиликтүү эл оозундагы аталышы) аймагына чыккан элем. Азыр эми сөз менен жеткирип айта албаймын, таң калыштуу көрүнүш – бүткүл жайытты эң бир кооз, мен буга чейин эч бир жерден (атүгүл китептен да) көрбөгөн ажайып гүлдөр каптап, жайлоонун салкын желине ыргалып турушуптур. Бир саамга башка бир ааламга туш келгенсип, таң кала туруп калдым да, анан ыраматылык чоң атамдын “Айгүл” гүлү тууралуу айткан жомоктору жадымда жылт этти. Жер бетин бербей жайнаган гүлдөрдүн ичинен эки-үч даанасын абайлай үзүп алдым да, айылга жеткенге шаштым.

Ошо-ошо болду, бул касиеттүү гүлдөрдү көздүн карегиндей асырап келемин. 2003-жылы бул гүлдү көрөбүз дешип, шаардан эки татынакай кыз келип калышты. Алар – Жаннатай Асанова менен Аида Набиевалар экен. Тоодо жүрүп көнбөгөн кыздар бир топ кыйналып калышты. Кийин ушул эки кыз Баулдун “Айгүлүн” эл аралык деңгээлге алып чыгышып, аны алыс-жакын элдерге таанытуу боюнча айрым бир эркек таналар жасай албаган иштерди аткарышты. Аймак таануу, “Айгүл” таануу боюнча мектептер арасында далай семинарлар өткөрүлдү.

Ал эми 2004-жылы Жаннатай Асанованын демилгеси жана жетекчилиги менен “Атаян Баба” жайлоосуна туристтик кичи кемпинг курулду. Аймактын ошол кездеги акими – Абдисалам Юлдашев баш болуп, райондун белгилүү инсандары, мекеме-уюмдардын жетекчилери “Айгүл таануу” семинарына катышып, бул аймактын кооз табияты менен таанышып кайтышкан.

Баса, Лейлектин “Айгүлүн” жалпы коомчулукка таанытууда районубуздагы мергенчилик инспекциясынын ошол кездеги башчысы Абдизакир Казаков менен Баул айылынын тургуну, маркум Арстанов Заман аксакалдын да эмгектери зор болгон. Ошол жылдары Айгүл гүлү өсүп турган аянт 3 гектарга жакын болсо, учурда 10 гектарга чукулдап калды. 2010-жылы “Атаян Бабаны” зыярат кылган Абдизакир инибиз “Айгүлдүн” көбөйүп кеткенин көрүп, көзүнө жаш ала, “Мынчалык көбөйөт деп ойлогон эмес элем” – деп, ыраазы болгон жагдайы бар.

Лейлектин дагы бир азамат кулуну, Лейлек токой чарбасынын башчысы – Курбанбек Мурзакулов ушул кызматка дайындалган күндөн тартып жүздөгөн гектар аянтка бадам, фисташка, ит мурун ж.б. баалуу өсүмдүктөрдүн уругун чачып, көчөтүн тиктирип, өз жергесинин чыныгы патриоту экендигин тастыктап келет. Өткөн жылдары 50 гектарга жакын аянтка Айгүлдүн уругун септик. Ажайып Айгүл гүлү апрель айынын 1-жарымынан май айынын 10-15терине чейин гана гүлдөйт. Табият сүйүүчүлөр ушул мезгилде келишип, эс алып кетишсе болот.

Сөз соңунда айталы дегенибиз – табият менен таттуу мамиледе болуп, аталарыбыз калтырып кеткен аманат – көз жоосун алган асыл табиятыбызды аздектеп асырап, кийинки муундарга Ай бетиндегидей какыраган боз талааны эмес, жан жыргаткан жапжашыл жаратылышты өткөрүп берсек деген изги ой, илгери максат-тилегибизди жаамы журтубуз да колдооруна ишеним артып калалы.

Автордон: айтылуу Айгүл гүлү (рябчик Эдуарда), такталган маалыматтарга караганда, дүйнөнүн үч эле жеринде – Пакистан жана Түштүк Америка тоолору менен Баткен жана Лейлек аймагында гана кездешет.

 

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.