Мурат Суталиновду абактан бошотуу маселеси 15-февралга жылды

Окуялар тизмеги 07 Фев 2019 17:17
0 ой-пикир

Бүгүн, 7-февралда 2010-жылдын апрелиндеги окуядан кийин соттолгон УКМКнын ошол учурдагы төрагасы Мурат Суталиновду абактан бошотуу маселеси Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда каралды. Ишти судья Бактыбек Сыдыгалиев карап, Мурат Суталиновду абактан чыгаруу ишин 15-февралга жылдырды.

Буга сот залында отурган мамлекеттик айыптоочунун өтүнүчү себеп болду. Мамлекеттик айыптоочу соттук отурумга Суталиновдун ден соолугу боюнча чечим чыгарган комиссиянын мүчөлөрү, абактан чыгарууга макулдук берип жаткан абактын төрагасы келбей калганын, алардын да пикирин угуу керектигин айтты. Судья өтүнүчтү канааттандырды.

Мурат Суталинов 2006-2010-жылдары УКМКны башкарган. Ал «2010-жылы 7-апрелде митингге чыккан адамдарга каршы курал колдонгон жана кызмат абалынан ашыкча пайдаланган» деген айыптын негизинде 20 жылга соттолгон.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.