«Фейсбук» жиберилген каттарды өчүргөн системаны орнотту

Окуялар тизмеги 06 Фев 2019 15:29
0 ой-пикир

«Фейсбук» социалдык тармагындагы жеке кат аркылуу жиберилген билдирүүлөрдү өчүрсө болот. Мындай мүмкүнчүлүк тармактын iOS жана «Android» платформаларына орнотулган мессенжер тиркемелери үчүн да жеткиликтүү болот.

Жиберилген билдирүүнү маектештин куржунунан жок кылыш үчүн ага эки жолу басып, билдирүүнү биротоло жок кылууну же жашырып коюуну тандап алууга болот.

Билдирүүнү жиберилгенден кийин он мүнөттүн ичинде гана өчүрсө болот, андан кийин мүмкүн эмес. Мурда мындай мүмкүнчүлүк «Фейсбуктун» ээси Марк Цукербергде жана бир нече менежеринде гана бар болчу.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.