Биринчиси

Блог 06 Фев 2019 14:58
0 ой-пикир

У нас в стране и мире случается много интересного и в то же время не совсем логически понятного, противоречивого. Когда такое случается у отдельного человека в частной жизни, это еще не так плохо. Но когда такое происходит в общественной жизни, в массовых масштабах, и/или в действиях, которые отражаются на благополучии общества, то на это желательно хотя бы открыто реагировать – указывать на противоречия, несостыковки, расхождения слов и дел (или слов со словами, дел с делами).

Эта блог-страничка на Elgezit – место, где я хотел бы делиться с читателями своими мыслями на именно такие странности в нашей общественной жизни, когда непонятно, откуда растет логика тому или иному поступку, решению, поведению или действию наших современников.

Вообще, мне кажется, открыто и вслух реагировать критически на происходящее вокруг – это то, что дает нам возможность понимать что-либо и жить осмысленную жизнь в обществе. Как только мы перестаем критически реагировать – или давать отчет себе о том, что мы видим и слышим – мы становимся частью бездумной толпы. Да-да, бездумной толпы. Каждый человек может и должен думать ответственно, и поэтому, в этой фразе у меня нет ни капли высокомерия или пренебрежения: бездумная толпа есть очень печальное явление, и никто не рожден быть ее частью – люди становятся ее частью, переставая ответственно и критически мыслить вопреки своей природной способности.

Но это уже лирическое отступление, больше как пища для размышлений. А так, я лишь хотел пригласить вас посещать эту скромную блог-страничку, где я намереваюсь регулярно и кратко делиться с мыслями о происходящем вокруг, когда непонятно «как это понимать».

 

«Ай, бул эмнеси?» Бул суроо көпчүлүгүбүзгө күнүмдүк жашоодо тез-тез келип турат. Коомубузда так, даана логикасы жок, же дегеле логикага тескери келген кубулуштар, иш-аракеттер, сөздөр жана чакырыктар көп кездешет. Мындай учурда, ар бирибиз кеминде сынчыл оюбузду ачык айтканыбыз абзел. Мында, «сынчыл» дегенде, сөзсүз эле каршы пикир дегендик эмес, жөн гана чордондогу кубулуштун чоо-жайын калчап ойлонуу, туура-катасын, жакшы-жаманын тескей кароо дегендик, Толубай Сынчынын жолун жолдоп.

Тан калаарлык башаламандыктарды, ойго келбес адашуу, жанылыш нерселерди байкап-байкабай агым менен кете бергенибиз – биздин өз адамдык табиятыбыздан, касиетибизден кол жуугандык. Адам критикалык ой-жүгүртүүсү менен, айланасындагы кубулуштарга акылдын негизинде реакция кылуусу менен адам экендигин бекемдейт. Жараткан да адамды акылын кошо жаратса, ошол акылды колдонсун деп бергендир.

Бул пикирди сизге жай ойлонуу убактынызга таштай кетейин, мүмкүн мен жаңылып жаткандырмын. Азыр болсо, сизди жөн гана ушул Элгезиттен орун алган блог-баракчама кез-кези менен келип турууга чакырып, регулярдуу түрдө коомубузда болуп турган көрүнүштөр боюнча кыска-нуска сын ойлорумду ушул жерден бөлүшүп тураарымды кабарлап койойун дегеним.

Ак калпакты мыйзам коргош керекпи?

Эки депутат мырза башын бириктирип, бир ажайып мыйзам сунуштап жатыптыр. Ага ылайык, кыргыздын ак калпагы улуттук символ болуп жарыяланып, ага доо келтирүү айып пул менен мыйзам чегинде жазаланат экен.

Канткенде ага доо келтирилген болот, кандай доого канча айып пул салынат, кандай пайдалануу ыкмалары бул сунушталган ыйык символду сыйлоого жатат деген сыяктуу суроолорду четке койолу, буларга мыйзам долбоорунун текстинде авторлору эптеп жооп бергендир.

Маселе бул мыйзамдын манызында: ачык эле айтайын, калпакты минтип ыйыкташтырып, мыйзам аркылуу коргоого алуу – кылаарга башка иши жоктун «мен патриотмун» деп көкүрөк кагып, оңой упай топтоп, куру намыска жакын болгон кээ бир жоон моюн жигиттерибиздин чырагына май тамызуу. Мындан башка пайдасы жок анын.

Кыргыз эли чындап ак калпакты ыйык тутуп, улуттун символу катары көрсө, мыйзамсыз эле урматтап алат аны. Чынында, урматтап эле келатат. Калпак кордолгон жери жок. Сыйлаган кишибизге калпак кийгизебиз, маанилуу үлпөттө калпак таратабыз, «Ак калпак күнү» деп бейрасмий болсо майрам күн да пайда боло калды. Мындан ашыгы ашыкча.

Негизи, 21-кылымга кирип баратып, дүйнө менен тыгыз байланышып, эң алдынкы илимдин мөмөлөрүн жегенге кол сунуп турганда ар кандай «атадан калган салттарды» ойлоп табуу, жаны табу объектилерин киргизе берүү – бир чети диагноз, бир чети ооруунун өзү. Садык Шер-Нияз агай эскерткендей, чучукту коргоп бир толкуп алдык, бир чет элдик шахтерду тирүүлөй жыра тартчудай болуп. Манаска болгон мамилени, аны тарыхый фигурага айландырган көрүнүштү айтпай эле койолу. Аны жон гана бир жеке киши, пенде кылбай, бүткүл бир элдин «Баатыр» деген түшүнүгүн чагылдырган идеалы катары калганы туура болбойт беле деп айта көрбөйлү. Анан ак калпакты итке кийгизиптир деп канчалаган патриотсунгандар жапжаш кызды ити менен кошо жеп койчудай болдук, бул сунушталган мыйзамдын да өмүрү ошондо башталган – бакырып жаткан намыстуулардын жактыруусуна жетели дешкен го байкелер.

Радикализм деп азыр көп айтышат, ар нерсеге жанаштырып. Чынында, радикализм деген ушу сыяктуу ургулаган куру намыстуу сабыры жоктуктан, меникинен башканын баары ката деген ой жүгүртүүдөн келип чыгат. Мындайды колдоп, мыйзам чыгара коюп упай топтоп атын чыгарган депутаттар бираз ойлонушса болмок.

Ар бир элдин туу туткан, бийик туткан баалуулуктары бар. Ал баалуулуктар мыйзам менен ошо нукта жарыя болгондо, мыйзам менен аларга шек келтирүү жазаланганда баалуу боло калбайт. Жакшы нерсенин жакшылыгы, маанилүүнүн мааниси, баалуунун баасы – аларды карманган элдин өзүнүн мамилесинде. Эл арасында даңаза болсо, калын эл ошого жараша чын дилинен мамиле кылса, башкалардан коргоп эмес, өз арабызда сыйлап билгенде бийик нерсенин бийиктиги бар болот.

Андыктан, менимче, ак калпакты мыйзам аркылуу коргоого алуу – кереги жок, куру намыска май тамызган, чыныгы маанилүү нерселерден элдин көңүлүн алагды кылган, келечекте дагы канча мейман-достордун чачын тик тургузчу заардуулукка жол ачкан аракет. Мындай мыйзамдар болгон жерде «прогресс», «өнүгүү» деген сөздөрдү унутуп эле койсок да болот.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.