Менин атам — Президент, же башчылардын кыздары жөнүндө

Саясат 04 Фев 2019 17:00
0 ой-пикир

Баардык эле аялдардын жашоосундагы эң ишенимдүү эркеги – бул атасы. Аталардын көбү мураскер каалашканын жашырбаганы менен кызы барлар назик жандардын дүйнөсү сүйүүгө толгон өзгөчө дүйнө экенин танышпайт. Жада калса ал өлкө Президенти болсун.

Биз ар кайсы мамлекеттердин Президенттеринин кыздары тууралуу маалыматтарды бир жерге топтоп чыктык.

 «Айыпсыз», «тазалык»

Кытай төрагасы Си Цзиньпиндин жалгыз кызынын ысымы дал ушундай чечмеленет.

Сүрөттө: Си Миндзе –Си Цзиньпиндин кызы

Си Миндзе 1992-жылдын 27-июнунда төрөлгөн. Анын жеке жашоосу коомчулуктан жашыруун жана жашыруун полиция тарабынан корголгон. Кытай ханбийкеси 2006-2008-жылдары Ханчжоудогу чет тилдер мектебинде билим алып, француз тилин тереңден үйрөнгөн. Андан соң ошол эле Ханчжоуда Чжэцзян университетинде бакалавриатта окуган. Ал эми 2010-жылы Си Миндзе псевдоним менен Гарварддан психология жана англис тилин үйрөнгөн. Америкада өз убагында Франклин Рузвельт жана Генри Киссенджер жашаган жатаканада турган. Washington Post  Миндзенин курсташтары аны англис тилин мыкты билген тырышчаак жоош кыз катары сыпатташкан. 2014-жылы май айында окуусун бүткөн Миндзе диплом алып Пекинге кайткан жана учурда да ошол шаарда жашап келет.

Маша жана Катя

Владимир Путин – Людмила Путина менен болгон никесинен төрөлгөн эки кыздын атасы. Мария 1985-жылы 28-апрелде төрөлсө, Екатерина 1986-жылы 31-августта жарык дүйнөгө келген. Ачык булактарда алар тууралуу маалыматтар аз. Экөө тең атасынын фамилиясында эмес экени белгилүү.

Айрым маалыматтарга караганда, улуусу Мария Воронцова деген фамилия менен Ломоносов атындагы МГУда медицина тармагында билим алып, 2011-жылы кызыл диплом менен аяктаган. Ушул эле жылы ал Россиянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Эндокринологиялык илимий борбордо аспирантурага окууга кирген. Бир катар жерлерде Мария нидерландылык Йоррит Йост Фаассенке турмушка чыкканы жазылган. Ал илимий иштеринин көбун ушул фамилия менен жарыялап келет. Ошол эле булактарда жакында эле алар кыздуу болгону жазылган.

Сүрөттө: В.В.Путин кызы Мария менен

Россиянын Президентинин кичүү кызы Екатерина Тихонова дагы МГУдан билим алган. Бирок, бир нече жыл Санкт-Петербургдагы университеттин Чыгыш факультетинде окуп, Япониянын тарыхын жана маданиятын окуганы да белгилүү. Маалымат булактары Тихонова накта саясатчы экенин жана англис, немис, француз, корей жана кытай тилдерин билерин жазышкан.

2013-жылдан тарта Екатерина Тихонова МГУнун Улуттук интеллектуалдык резерв борборун, “Улуттук интеллектуалдык өнүгүү” фондун жана “Иннопрактика” компаниясын  жетектеп келет. 2018-жылдын 8-декабрында Екатерина Владимировна “Россия-1” телеканалынын “Вести” телеберүүсүнө маек берип, борбордун адамдын ой жүгүртүүсүнүн үстүндө иштеп жаткан жаңы программалары тууралуу айтып берген. 2013-жылы Bloomberg жана Reuters агенттиктери Екатерина Тихонова Путиндин досу, “Россия” банкынын ээси, бизнесмен Николай Шамаловдун баласы Кирилл Шамалов менен баш кошконун жазып чыгышкан.

Бирок 2018-жылы үй-бүлө эки ажырым жолго түшкөнү тууралуу маалымат тараган.

Сүрөттө: Екатерина Тихонова “Вести” программасына маек берип жаткан маалы

Активдүү илимий ишине карабастан Катя Тихонова спортко да убакыт таап келет. 2016-жылга чейин ал акробаттык рок-н-ролл менен активдүү машыгып, өнөктөшү менен бирге Россиянын Кубогун да жеңген. Азыр ал Бүткүл Россиялык акробаттык рок-н-ролл боюнча эл аралык конфедерациясынын төрайымы жана Бүткүл дүйнөлүк акробаттык рок-н-ролл конфедерациясын өнүктүрүү жана маркетинг боюнча вице-президенти.

Америкалык үй-бүлө

Дональд Трамптын эки кызы бар.

Трамптын биринчи жубайы Ивана Зелничковадан Иванка Трамп (37 жашта), экинчи никеси актриса Марла Мейплзден экинчи кызы, 25 жаштагыТиффани Трамап.

Сүрөттө: Иванка Трамп

Иванка Трамп – бизнесвумен, модель, жазуучу жана  2017-жылдын жазынан тарта – АКШнын Президентинин коомдук башталгычтагы кеңешчиси.

2004-жылы Иванка Пенсильвания университетинен экономика багытында билим алып,  бакалаврды артыкчылык диплому менен аяктаган. Бизнес тармагында иштеп келген, бирок азыр саясаттагы карьерасына көп басым жасап жаткан чагы. 2009-жылдан тарта Трамп империясынын мураскери мультимиллионер. Нью-Йорктогу еврей коомчулугунун лидерлеринин бири Чарльз Кушнердин уулу Джаред Кушнерге турмушка чыккан. Ага чейин келечектеги кайнатасына жагуу үчүн иудей динин кабыл алган. Учурда алардын 3 баласы бар. Жакында эле бир кызыктуу факт коомчулукка чыкты. Иванканын жолдошунун чоң апасы менен чоң атасы  Гродно шаарынан чыккан белоруссиялык еврейлер экени маалым болду. Алар экинчи дүйнөлүк согуш учурунда таанышышып, партизандык отрядда еврейлерди сактоого чогу катышышкан. Алардын баласы, Иванканын кайнатасы жыл сайын Белоруссияга балдары жана неберелери барып турат. Ал Белоруссияда Холокостада курман болгондордун элесине арнап мемориал курууну пландап жүргөнү белгилүү болгон.

Сүрөттө: Тиффани Трамп

Тиффани Трамптын ысымы белгилүү азем брендинин урматына коюлган. Трамптын кичүү кызы дагы Пенсильвания университетинде социология жана урбанистика боюнча билим алган. Айрым маалыматтарга ылайык, Тиффани Иванкадай болуп атасына жакын эмес. Ал Лос-Анджелесте жашап ал шаарды курбум деп атап келет.

Казакстандын үч ханбийкеси

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин үч кызы бар.

Улуусу 55 жаштагы Дарига саясий, экономикалык илимдердин доктору, Казакстандын Парламентинин Эл аралык мамилелер, коргоо жана коопсуздук  боюнча комитеттин Төрайымы. Казакстандагы эн таасирдүү айымдардын арасында биринчи орунду ээлеп келет. Беш тилди билет: орус, казак, англис, немис, италия.

1994-жылдан тарта саясатта. Алгачкы жолу 2004-жылы парламенттин депутаты болуп шайланган. 2015-жылы Казакстандын премьер-министринин орун басары болгон.

Бир катар улуттук наамдардын жана сыйлыктардын ээси.

Дарига Назарбаева 2015-жылы Австрия түрмөсүндө көз жумган Рахат Алиевге турмушка чыккан. Алардын 3 баласы бар.

Сүрөттө: Дарига Назарбаева, Нурсултана Назарбаевдин улуу кызы

Дарига Назарбаева саясатчы катары гана эмес, меццо-сопранонын да ээси. Анын репертуарында ариялар, орус романстары, казак элдик ырлары бар. Жаш кезинде ал ырчы болууну кыялданчу, бирок консерваторияда билим алуу үчүн университетти таштоого атасы тыюу салган.

Сүрөттө: Динара Кулибаева.

Динара Кулибаева – казак президентинин ортончу кызы. 51 жаштагы бул айым көпчүлүктүн көңүлүн өзүнө бурдуруп турганды жакшы көрөт. Кулибаева Forbes журналынын рейтинги боюнча Борбордук Азиядан чыккан 3,2 миллиард доллар байлыгы бар жалгыз бизнесвумен. Анын көп өлкөлөрдө түрдүү бизнестери бар. Жолдошу бизнесмен Тимур Кулибаев. Алар 3 баланы тарбиялап келишет. Кулибаевдердин үй-бүлөсү Швейцарияда жашашат.

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин үчүнчү кызы  Алмя 1980-жылы туулган. 12 жашынан баштап чет жактагы жеке мектептерде билим алган. Жогорку билимди Лондондогу Американын Ричмонд эл аралык университетинде эл аралык мамилелер факультетинде жана Джордж Вашингтон университетинде алган. Ошондой эле Казак мамлекеттик юридикалык академиясында да окуган. Алия кыргыз келини да болууга жетишкен. Бирок Кыргызстандын биринчи президентинин уулу менен болгон нике болгону 4 жылга созулган.

Сурөттө: солдон оңго Нурсултан Назарбаев, Сара Назарбаева, Айдар Акаев, Алия Назарбаева, Маайрам Акаева, Аскар Акаев.

Алия өзүн ар түрдүү иштерде сынап көргөн. Курулуш жана азем буюмдар менен алек болгон, документалдык тасмаларды тарткан, мамлекеттик түзүмдөрдө иштеген.

Азыр 4-жолу турмуш курган жана 4 баланын энеси.

 «Өзбек Президентинин эки кызы»

Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёевдин кыздары тууралуу маалымат жокко эсе.

Саида – улуу кызы. Маалыматтарга ылайык үй кожейкеси. Өзбекстандын Президенттик администрациясынын жетекчисинин орун басары Ойбек менен түтүн булатып келет.

Шахноза – “Озодлик” радиосунун маалыматына ылайык, ал 32 жашта. 2017-жылы Мектепке чейинки билим берүү министрлигинде жоопкерчиликтүү кызматка орношкон. Тактап айтканда, Түштүк Кореянын тажрыйбасына таянып мектепке чейинки билим берүү системасында реформа жүргүзүү үчүн жооп берет. Ал аталган өлкөдө күйөөсү консул болуп турганда бир нече жыл жашаган. Учурда Президенттин күйөө баласы Отабек Умаров Өзбекстандын Президентинин коопсуздук кызматынын жетекчисинин орун басары.

Сурөттө: Шавкат Мирзиёевдин үй-бүлөсү. Саида Президенттин жанында турат. Шахноза – оңдо четте турат. Жанында жолдошу Отабек Умаров.

Сооронбай Жээнбековдун кызы

Кыргыз Республикасынын Президенти дагы жеке жашоосун коомчулукка чыгарууну каалай бербейт.

Сүрөттө: Сооронбай Жээнбековдун кызы Бактыгүл.

Жээнбековдун кызынын аты Бактыгүл. Жогорку билимди мекениндеги Б.Ельцин атындагы кыргыз-орус славян университетинде алган. Окуусун былтыр аяктаган. 2016-жылы партии «Республика- Ата-Журт» фракциясынын Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиевдин уулу Атабек Абжалиевге турмушка чыккан. Учурда кыргыз Президенти небере жытын жыттап отурган чагы. 2017-жылы Бактыгүл менен Атабек уулдуу болушуп, атын Алиаскар коюшкан. 2018-жылдын 1-июлунда Алиаскардын тушоо тойу болуп, тушоо кийизин биринчи айым Айгүл Токоева кескен.

«Супара» этнокомплексинде өткөн тойго мамлекет башчысы катышкан эмес. Тойдун алып баруучусу Самат Эркинбеков Инстаграммдагы баракчасы аркылуу жаш жубайлар жөнөкөй экенин жазып чыккан. Президенттин күйөө баласы жогорку билимди чет жактан алган жана дипломатиялык рангга ээ. Өкмөттүн аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүндө эксперт болуп эмгектенет.

Редакция Elgezit.kg

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.