Мурат Суталиновду абактан чыгаруу боюнча арыз каралат

Окуялар тизмеги 30 Янв 2019 09:53
0 ой-пикир

2010-жылдын апрель окуясынан кийин камалган Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) ошол кездеги жетекчиси Мурат Суталиновду эркиндикке чыгаруу боюнча арыз бүгүн, 30-январда Бишкектин Ленин райондук сотунда каралат. Бул тууралуу Жогорку соттон билдиришти.

Маселе Мурат Суталинов «рак оорусуна чалдыккан жана дарты өтүшүп кеткен» деген жүйөөгө байланыштуу каралганы жатат. Мындан мурда Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы Суталиновдун ден соолугуна байланыштуу документтер, дарыгерлердин бүтүмдөрү сотко жиберилгенин билдирген.

Мыйзамга ылайык, абакта жаткан жарандар катуу ооруга чалдыккан учурда сот аркылуу эркиндикке чыгууга укуктуу. Ал үчүн соттолгон жарандын ден соолугу боюнча дарыгерлер бүтүм чыгарып бериши керек.

2010-жылы атайын кызматты жетектеген Мурат Суталинов апрель окуясындагы кан төгүүлөргө байланыштуу айыпталып, 20 жылга соттолгон.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.