Facebook шайлоого кийлигишүүгө каршы жаңы чараларды киргизет

Окуялар тизмеги 29 Янв 2019 10:35
0 ой-пикир

Facebook социалдык тармагы шайлоого кийлигишүүгө каршы күрөшүү максатында жаңы чараларды киргизерин жарыялады.

Мындай билдирүү Европарламентке боло турган шайлоону утурлай жасалды. 28-январда компаниянын расмий өкүлү Николас Клегг март айынын соңунан тарта саясий жарнаманы жайгаштыруу үчүн авторизация керектигин билдирди.

Клеггдин айтымында, жаңы эрежелер өз алдынча талапкерлердин, саясий партиялардын жарнамаларына тийиштүү. Ошондой эле коомчулуктун кызыгуусун жаратып жаткан, мисалы миграция сыяктуу темаларга да жайылтылары маалым болду.

Андан тышкары саясий жарнаманын өзү, ал үчүн ким төлөгөнү жана кайсы аудиторияга багытталганы тууралуу маалымат жети жыл өчүрүлбөйт.

АКШнын атайын кызматтары Орусия бул социалдык медиа компаниялары аркылуу 2016-жылкы президенттик шайлоо өнөктүгүнө аралашууга аракеттенген деп айтып келишет.

Апрель айында «Фейсбук» компаниясы Орусиядагы «троллдор фабрикасына» байланышы бар экени маалымдалган 250дөн ашык баракчаны жапты. Ал баракчалар көбүнчө орус тилинде маалыматтарды таратканы, алардын Кыргызстанда кеминде 35 миң окурманы бар экени белгилүү болгон.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.