Ооганстанда «Талибан» террордук тобунун кол салуусунан 126 аскер каза болду

Аалам, Окуялар тизмеги 22 Янв 2019 15:45
0 ой-пикир

Ооганстандын Вардак провинциясында «Талибан» террордук тобунун кол салуусунан улам аскердик машыгуу борборундагы 126 аскер каза болду. Бул тууралуу Reuters агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, расмий бийлик 12 кишинин набыт болгонун билдирсе, кылмышты моюнуна алган талибандар 190 аскерди мерт кылганын жарыялашкан. Алар борбордун жанындагы унааны жардырып, артынан аскерлерге ок жаадырышкан.

Эске салсак, «Талибан» кыймылы 1996-2001-жылдар аралыгында Ооганстанда өз өкүмүн жүргүзүп, кийин эл аралык коалициянын кийлигишүүсү менен сүрүлгөн. Алар азыркы учурда Пакистандын түндүк тарабындагы Вазиристан аймагына ордосун куруп, Ооганстандын түрдүү аймактарында теракттарды жасап келет. Уюм дүйнөнүн дээрлик бардык өлкөлөрүндө  террордук деп таанылган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.