Министр Азамат Жаманкулов митингге чыккан цирктин жамааты менен жолугушуу өткөрдү

Окуялар тизмеги 21 Янв 2019 15:21
0 ой-пикир

Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов митингге чыккан цирктин жамааты менен жолугушуу өткөрдү. Анда цирк кызматкерлери 2 айдан бери бош турган мамлекеттик цирктин башчысы кызматына Аида Акматованы бекитип берүүнү суранышты.

Министр Азамат Жаманкулов жогорудагы талаптарды угуп, Аида Акматованын дагы талапкерлигин карай турганын билдирди.

«Цирктин дагы өзүнүн багыты бар. Ошого карата келем дегендер болду, тагыраагы, 2-3 талапкерлер болуп жатат. Алардын арасында Аида Акматова дагы бар. Мен анын цирктин директору болушуна каршы эмесмин. Болгону эртеңки күнү мыйзамсыз болуп калды деген кептер болбосун үчүн бардык талапкерлердин документтерин карап жатабыз. Учурда каралып жатат. Мен дагы силердей болуп Кыргыз циркине күйүп жатам. Мага цирктин абалын көрсөттүңүздөр. Ырасында эле цирктин абалын көрүп ыйлайт экенсиң, башка сөз жок. Бүгүнкү күндө цирктин абалын оңдоо биринчи максат. Мен сиздер мененмин. Азыркы тапта Аида Акматовадан тышкары директорлук кызматка Фархат Бекманбетов жана Светлана Ашированын талапкерлиги каралып жатат», — деди министр Жаманкулов.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.