Жаңы мыйзам боюнча абактан чыгарыла тургандардын тизмеси такталууда

Окуялар тизмеги 09 Янв 2019 09:19
0 ой-пикир

Жаңы Кылмыш-жаза кодексинин ишке кириши менен гумандаштыруунун негизинде абактан чыга турган жарандар такталууда. Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова кабарлады. Тактоо, ревизия жүргүзүү иштери үч айдын ичинде аякташы керек.

— Атайын бөлүмдөр бул багытта иштеп жатат. Биз жаңы мыйзамдарды анализдеп көрүп, чыга турган адамдардын болжолдуу санын айтканбыз. Анктени кээ бир мыйзамдар жок болуп, айрымдары башкага өзгөрүп жатат. Ошонун негизинде толук чыкпаса да жаза мөөнөтү кыскарып калышы мүмкүн. Биз бул боюнча документтерди прокуратурага жөнөтөбүз. Алар сотко жөнөтүп, мыйзам боюнча үч айдын ичинде каралып бүтүшү керек.

Буга чейин Жаза аткаруу кызматынын башчысы Таалайбек Жапаров депутаттардын суроосуна жооп берип жатып жаңы Кылмыш-жаза кодексинин ишке кириши менен 460 адам абактан чыга турганын айткан.

Акыркы расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда абакта отургандардын саны сегиз миңден ашат. Алардын 350дөйү аялдар. Ал эми Түрмөлөрдү изилдөө боюнча эл аралык борбордун маалыматына караганда, Кыргызстанда абакта отургандар он миңден ашат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.