Токтакунова: ЖАМК Текебаевден ырайым суроону талап кылууда

Окуялар тизмеги 09 Янв 2019 10:40
0 ой-пикир

Жаза аткаруу мамлкеттик кызматы (ЖАМК) камактагы саясатчы, “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевден ырайым суроо боюнча президентке арыз жазууну талап кылып жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” саясатчынын адвокаты Таалайгүл Токтакунова билдирди:

— ЖАМКтын башчысы баш болуп Өмүрбек Чиркешовичке келишти. Алар “Роза Исаковна менен алты фракция лидери Текебаевге ырайым берүү тууралуу кайрылуусун президенттик аппарат бизге жибериптир, биз да сиздин ырайым суроо укугуңуз бар экенин айтып коелу дегенбиз” деп айтышты. Тырмакчанын ичинде бааласак, алар ырайым суроо боюнча арызга Текебаев өзү кол коюп, суранышын талап кылып жатышат. “Кайрылыңыз” деп талап кылган эле нерсе да, бул. Текебаев Роза Исаковна жана фракция лидерлерине ыраазычылык билдирип, алардын кайрылуусу тарыхый документ экенин айтып, бирок ырайым суроодон баш тарткан позициясында калды. Ал акталып чыгам деген ойдо гана турат. Мыйзам боюнча президент бирөөгө ырайым береби, бербейби — ал кишинин макулдугу жок эле чечим кабыл алса болот. Баш мыйзам боюнча президент эч кимден көз каранды эмес, эч кимдин алдында актанууга да укугу жок. Бул жерде кеп анын өзүнүн саясий эркинде гана калат. Бул жерде азыр ЖАМК «Текебаев ырайым суроодон баш тартты» дейт да президенттик аппаратка кат жазат, анан алар кайра эле мурдагы “өзү ырайым суроодон баш тартты” деген жыйынтыгын чыгаргысы келип жатат, — деди Токтакунова.

ЖАМКтын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова болсо Токтакунованын айткандарын төгүндөп, мекеме жетекчиси Таалайбек Жапаров Текебаевге кирбегенин, ырайым маселеси боюнча сүйлөшпөгүн билдирди.

Өткөн жылдын 25-декабрында экс-президент Роза Отунбаева мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековго кайрылып, Текебаевге ырайым берүүнү өтүнгөн. Ал “Мунапыстын жалпы принциптери жана ырайым берүү жөнүндө” мыйзамдын беренесине таянып мамлекет башчысы соттолуучу өзү кайрылбаса да, эмгектери же башка жөндүү себептери болсо ырайым бере ала турганын белгилеген. Отунбаеванын бул кайрылуусун Жогорку Кеңештеги фракциялардын лидерлери да бир добуштан колдошкон.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.