Ак үйдүн алдында түкүргөн жаран түшүнүк кат жазды (видео)

Видео, Окуялар тизмеги 08 Янв 2019 10:21
0 ой-пикир

Жогорку Кеңеш менен президенттик аппараттын имаратынын алдына келип түкүрүп, кылган жоругу үчүн 5500 сом айыппул төлөөгө даяр экенин айткан жаран Ысык-Көл облусунун Тоң районунун 27 жаштагы тургуну экени аныкталды.

Ал 8-январга караган түнү кармалып, түшүнүк кат жазды. Милициядан чыккан соң мындай кадамга элдин үнүн бийликке жеткирүү максатында барганын, мыйзам чегинде жооп берүүгө даяр экенин билдирди.

Буга чейин Интернетке Жогорку Кеңештин алдына келип түкүрүп, кылган жоругу үчүн 5500 сом айыппул төлөөгө даяр экенин айткан жарандын видеосу тараган.

Бишкек милициясы жаңы жылдан тарта күчүнө кирген кодекске ылайык (Жоруктар жөнүндө кодекс жана Бузуу жөнүндө кодекс) мындай жорук үчүн административдик жазага жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарта турганын айткан.

Бузуу жөнүндө кодекстин 71-беренесине ылайык «таштандыны атайын каралган жерлерден башка жерге ыргытуу, өрттөө жана түкүрүү» 5500 сом айыппул менен жазаланат.

Айрым Интернет колдонуучулар белгисиз жигиттин жоругун колдосо, башкалары аны адепсиздик катары сыпаттаган.

 

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.