Жактоочу: «Бизге Өмүрбек Текебаев 2020-жылдан эрте чыкпайт деген сөздөр жетүүдө»

Окуялар тизмеги 07 Янв 2019 15:41
0 ой-пикир

«Өмүрбек Текебаев эртең кайра абакка которулушу мүмкүн», — деп бүгүн, 7-январда анын жактоочусу Искен Афиджанов билдирди.

Анын айтымында, бул маалыматты ага дарыгерлер айтышууда.

«Биздин эсеп боюнча Өмүрбек Текебаев 20-март күнү жатак абагына которулушу керек. Бирок учурда аны абакта кармоо аракеттери жүрүүдө. Ал нерсени көздөгөндөр экс-президент Алмазбек Атамбаевдин доорунда иштеген жана азыркы бийликте да иштеп жүргөндөр. Азыр алардын ким экенин ачык айтуудан алысмын. Бирок биздин оюбуз боюнча, учурдагы бийликке ошол адамдар туура эмес маалымат берип жатат. Буга чейин Убактылуу Өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева жана 6 фракциянын лидери ырайым сурап кайрылган арызы канааттандырылбайт. Азыркы президент ага макулдугун бербейт, себеби ага бурмаланган маалыматтар жетип жатат. Бизге Өмүрбек Текебаев 2020-жылдан эрте чыкпайт деген сөздөр жетүүдө», — дейт жактоочу.

Жактоочунун айтымында, Текебаев ден соолугуна байланыштуу дайыма дарыгерлердин көзөмөлүндө болушу керек. Ага буга чейинки жүрөк жана кан басымы менен байланыштуу оорулары себеп болгон. Ал ден соолугуна байланыштуу абактан ооруканага 13-декабрь күнү которулган болчу.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.